Президент Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду дайындады

Президент Садыр Жапаров «Кыргызстандын Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзамга кол койду. Ошентип, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум жергиликтүү кеңешти шайлоо менен чогуу 11-апрелде өтөт.

Ал күнү Бишкек, Ош шаарлары баштаган 28 шаарда жана 420 айылдык кеңешке шайлоо өтөт.

Кыргызстан үчүн жаңы Конституция

Учурдагы өлкө башчысы Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин, Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүү маселеги жигердүү талкуулана баштаган.

Баш мыйзамдын биринчи версиясы 2020-жылдын 17-ноябрында жарыяланган. Бирок президенттин колунда эбегейсиз бийлик топтолгону үчүн кескин сындалып, «Ханституция» аталган.

Андан кийин ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүп, курамына жүздөн ашуун адам кирген. Алардын көпчүлүгү Садыр Жапаровдун идеялаш жана тикелей тарапташтары, юристтер, Конституциянын жаңы версиясынын автору деп фамилиялары көрсөтүлгөн депутаттар, манас таануу, кыргыздардын руханий дүйнөсү жана салттуу билим боюнча адистер, коомдук ишмерлер.

Бир катар юристтер кеңешменин легитимдүүлүгүнөн күмөн санашкан, бирок алар иштөөсүн улантып, Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгышкан.

Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин сайтында 9-февралда жарык көргөн. Жарандык коомдун нааразылыгынан кийин, долбоорду парламент караганга чейин эле коомдук талкууга койгон.

Бирок бул версия да өзүндө бир катар так эместиктерди, укуктук коллизияларды жана адам укуктарын бузууларды камтыйт. «Адилет» укуктук клиникасынын юристтери долбоорду талдап, аны парламентте кароо үчүн өтө чийки жана аягына чейин иштелип чыккан эмес деп табышты.

Кыргызстан юристтер коомдоштугу сыяктуу, «Адилет» клиникасы да Башмыйзамдын жаңы долбоорунун текстин өтө кылдат окуп чыгууну, кайрадан иштеп чыгууну жана эл аралык келишимдерге жана укуктук дүйнөлүк нормаларына ылайык келтирилишин өтүнүүдө.

Андан сырткары Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду дайындоо жөнүндөгү мыйзам долбоору экинчи, үчүнчү окууда дароо кабыл алынган. Депутат Жанар Акаев бир катар депутаттар ушул мыйзам долбооруна добуш берүү үчүн керек болсо чет жактан шашылыш учуп келгенин айткан.

Добуш берүү күнү коррупция беренеси менен айыпталып, УКМКнан ТИЗОсуна камакка алынган эл өкүлү Дүйшөн Төрөкулов парламентке келген. Ал журналисттерге Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарганын айткан.

Бир нече депутат Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзамга кол койбогонун билдирди