Ош: Спорт комитеттин башчысы шаар тургунун сабоого шектелип жатат

Бекдөөлөт Абакиров жана мэр Таалайбек Сарыбашов. Сүрөт: «Кактус» басылмасы

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан мэрияга караштуу спорт комитетинин башчысы Бекдөөлөт Абакировдун үстүнөн арыз түшкөнүн билдиришти. Арыз ээси 12-мартта Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан базарда Абакиров жана анын шериктери тарабынан сабалганын айткан.

Ошондой эле шаар тургуну спорт комитетинин башчысы аны оозго алгыс сөздөр менен сөккөнүн билдирген.

Ал эми Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров Бекдөөлөт Абакиров айыптоолорду четке кагып жатканын айтты.

«"Эч кимди сабаган эмесмин, күбөлөрүм да бар" деди», — дейт Абсаттаров.

Ош ШИИБи арызды Жазык кодексинин «Ээнбаштык» беренеси менен каттады. Учурда тергөө кызматы тарабынан текшерүү жана иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бекдөөлөт Абакиров Ош шаардык спорт комитетин өткөн жылдын декабрынан тартып жетектей баштаган. Ал октябрь окуяларында орун алган нааразычылык митингдеринде мэр Таалайбек Сарыбашовду жандап жүргөн.

Абакиров буга чейин Ош шаарындагы муниципалдык «Жапалак» автоунаа базарынын директору болчу. Ал күрөш боюнча спорт чебери.

«Кактус» басылмасы Абакиров Ош шаардык кеңешке шайлоого «Биримдик» партиясынан катыша турганын жазган. Бирок пандемиядан улам жергиликтүү шайлоо жылдырылган.

Буга чейин спорт комитетин Кылыч Саркарбаев жетектеп келген. Ал жасалма паспорт алууга шектелип, УКМК тарабынан кармалгандан кийин кызматтан бошотулган.