Кылыч Саркарбаев Ош мэриясынын спорт комитетинин башчылыгынан бошотулду

Кылыч Саркарбаев. Сүрөт: Хамидулло Узакбаев / Kloop.kg

Ош шаардык мэриясынын спорт комитетинин жетекчиси Кылыч Саркарбаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров маалымдады.

Буга чейин Абсаттаров Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы боюнча Ош шаардык аймактык комиссиясы Саркарбаевдин ишин карап жатканын билдирген болчу.

Кылыч Саркарбаев жасалма паспорт алууга шектелип 17-декабрда кармалган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында.

Атайын кызмат Саркарбаев 2006-жылы «Тоноо» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, бир жылга шарттуу кесилгенин маалымадаган. Ал өзүнүн соттолгондугу тууралуу маалыматты жаап-жашыруу максатында жасалма документтер менен жалпы жарандык паспорт алганы айтылган.

Ал аты-жөнүн өзгөрткөнгө чейин Кылыч Сулайманов Асылбекович болгон. Өзгөртүлгөн паспорт менен Ош шаардык спорт комитетинин башчылыгына келген.

Ошондой эле, УКМК Саркарбаев уюшкан кылмыштуу топтун лидери «Женго» каймана аты менен белгилүү болгон Кадыр Досонов менен тыгыз байланышта экенин маалымдаган. Мындан сырткары, көптөгөн криминалдык чыр-чатактарга катышканы айтылган.

Тема боюнча:

УКМК: Кылыч Саркарбаев соттолгондугун жашыруу максатында жасалма паспорт алган

Ош: Кылыч Саркарбаев эки айга камакка алынды