Тез жардам кызматынын унаасы катышкан жол кырсыкта эки адам каза болду

Бишкек ㅡ Нарын ㅡ Торугарт жолунун 90-чакырымында тез жардам кызматынын унаасы катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу 15-мартта «Клоопко» Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Жол кырсыгы 15-мартта саат 12:15те болгон. Токмоктон Кемин районуна бара жаткан тез жардам кызматы алгач Toyota Estima үлгүсүндөгү унаа менен, андан соң Honda Inspire менен кагышкан. Toyota Estima унаасы соккудан улам жүрүп бараткан Audi менен кагышкан», — деп билдиришти башкармалыктан.

Honda Inspire унаасындагы 37 жаштагы аял жана 3 жашар кыз каза болуп, бир адам жаракат алган. Аталган факты боюнча Кемин РИИБси сотко чейинки өндүрүш ишин баштады.

11-мартта Бишкек — Ош унаа жолунда эки жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен эки киши каза болгон. Ошондой эле, 13 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылган.