Садыр Жапаровдун аялы эмне иш кылат? Президенттин жообу

Президент Садыр Жапаров «Азаттык» радиосуна курган маегинде жубайы Айгүл Асанбаева учурда кайрымдуулук менен алектенип жатканын айтты. Жапаровдун айтымында, ал 2020-жылдан тартып 10-11 жыл мурда түзүлгөн «Үмүт булагы» кайрымдуулук фондунун ишин жанданткан.

«Октябрдан бери кайрымдуулук фондун жетектеп жатат. Турмуш-шарты начар, жетим балдар үйүнө, карылар үйүнө, аймактардагы жакыр үй-бүлөлөргө жардам берип, ушул багыттагы гана иштер менен алек болуп жүрөт», — деди ал.

Айгүл Асанбаевабы же Гүлнара Асанбаевабы?

Айгүл Асанбаеванын паспорттогу аты Гүлнара Асанбаева. Анын документтеги аты Гүлнара экени коомго ал «Мекенчил» партиясы менен парламенттик шайлоого катышканда белгилүү болгон. Ал талапкерлердин тизмесинде 24-катарда болгон. Үгүт учурунда аймактарды активдүү кыдырган.

Президенттин жубайы 1973-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сан-Таш айылында туулган.

Каракол шаарындагы медициналык окуу жайда окуган. Кийин Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика факультетин аяктаган.

Асанбаева ЖМКларга берген маегинде беш баласы бар экенин айткан. Алар: Дастан, Рустам, Ринат, Нурдөөлөт жана кызы Жанайым. Тун уулу Дастан 2019-жылы 22-августта Бишкекте жол кырсыгына кабылып, 26-августта каза болгон.