ЖМК: Бишкекте 5-класстын окуучусу мыкаачылык менен өлтүрүлдү

Бишкектеги Мурас-Ордо жаңы конушунда 13 жаштагы бала мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн 24.kg маалымат агенттиги жазды.

Ага ылайык, баланын сөөгүн энеси таап, милиция кызматкерлерине кабарлаган. Андан сырткары маркумдун агасы да дайынсыз болуп, учурда ал изделип жатат.

«Аталган билдирүү боюнча милиция кызматкерлери жерине барып, ыкчам-тергөө ишин баштаган. Учурда маркумдун бир тууганы дагы изделип жатат. Ал дагы өспүрүм. Окуя болгон жерге Ички иштер министрлигинин жана Бишкек шаардык Прокуратурасынын башчылары барган», — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин 24.kg агенттиги жеке булактарына таянып, 5-класстын окуучусу мууздалып өлтүрүлгөнүн кабарлаган.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Улан Жумаков «Клоопко» учурда окуя такталып жатканын билдирди.

«16-мартта түнкү саат 12:40дар чамасында 102 кызматына Мурас-Ордо жаңы конушунда 13 жаштагы окуучунун мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган билдирүү каттоого алынып, учурда милиция кызматкерлери тарабынан зарыл болгон иш-чаралар жүргүзүлүп жатат», — деди Жумаков.

Ал ошондой эле, аталган окуя боюнча кийинчерек кошумча маалымат берилет деп ишендирди.

Буга чейин Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Ново-Николаевка айылындагы үйлөрдүн биринде 14 жаштагы бала бычакталып, каза болгон. Шектүү катары маркумдун 36 жаштагы энеси кармалган.