Мурас-Ордо жаңы конушунда 13 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнө шектелип агасы кармалды

Бишкектеги Мурас-Ордо жаңы конушунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 13 жаштагы баланын өлүмүнө шектелип, анын бир тууган агасы кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Улан Жумаков билдирди.

17-март күнү Мурас-Ордо жаңы конушунда өспүрүм баланын сөөгүн энеси таап, Биринчи май РИИБине кабарлаган. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери өспүрүмдүн моюнуна бычак сайылып, ал алган жаратынан улам каза болгону аныкталган.

«Маркум 2008-жылы туулган, ал талма оорусу менен жабыркап жүргөн», — деди Жумаков.

Милициянын маалыматы боюнча маркумдун жанында дайыма бир адам болушу керек болчу, окуя болгон күнү ата-энеси жумушка кетип, аны 2004-жылы туулган байкеси карап калган. Бирок баланын сөөгү табылган учурда байкеси үйдө жок болгон.

Шектүү

Кызматтык иттер менен издөө жүгүзүлүп, анын натыйжасында шектүү катары агасы кармалган.

Ал алгачкы суракта инисин бычактап, андан соң бычакты жууп катып койгонун айткан. Мындай кадамга иниси менен пикир келишпестиктен улам барганын билдирген.

Аталган факты Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестерине «Адам өлтүрүү» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Буга чейин Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Ново-Николаевка айылындагы үйлөрдүн биринде 14 жаштагы бала бычакталып, каза болгон. Шектүү катары маркумдун 36 жаштагы энеси кармалган.

Жашы жете элек балдарга карата зомбулук

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча акыркы беш жылда балдарга карата эң аз дегенде 1053 оор кылмыш каттаган. Анын ичинде ур-токмокко алуу, зордуктоо жана адам өлтүрүү дагы бар.