Өзгөн: Үч тургунга ок аткандардын унаасы жана куралы табылды

Ош облусунун Өзгөн районунда унаада отурган тургундарга ок чыгарган шектүүлөрдүн унаасы жана ок атуучу куралы табылды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, райондун Дөң-Булак айылындагы Жөө-Алма участкасынын эгин талаасына кеткен жолдон көк түстөгү «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү унаа жана «Kral Arms» үлгүсүндөгү аңчылык курал табылган.

Ошондой эле унаадан эки даана 12 калибирлүү ок дарынын атылган гильзасы, бир даана дүрмөттөлгөн ок алынган.

Мындан сырткары октон алган жарааттан улам каза болгон 31 жаштагы киши үстүбүздөгү жылдын февраль айынан бери ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турганы белгилүү болду.

Буга чейин, 19-мартка караган түнү Өзгөн шаарында үч тургунга унаада отурган жеринен белгисиз кишилер ок чыгарышканы белгилүү болгон. Алардын экөөсү алган жарааттан улам ооруканага жетпей каза болгон. Ал эми үчүнчү кишиге ок тийбей калган. «Турмуш» басылмасы маркумдар шаардык базарда соодагер болушканын жазган болчу.

Аталган факт Өзгөн РИИБинде «Адам өлтүрүү» беренеси менен катталып, кылмышка шектүүлөр изделип жатат.

Өзгөндө белгисиз киши үч кишиге ок чыгарып, экөө жеринде каза болду