Кыргызстандык студенттерге окуусун улантуу үчүн Орусияга кирүүгө уруксат берилди

Кыргызстандык студенттер окуусун күндүзгү формада улантуу үчүн Орусияга кайтып бара алышат. Орусиянын өкмөтү эмидемиологиялык абалы жакшы болгон өлкөлөрдөгү чет элдик студенттерге Орусияга келүүгө уруксат берген буйрукту бекитти.

Мындай өлкөлөрдүн катарына Кыргызстандан тышкары Казакстан, Индия, Түркия, Жапония жана дагы 20 мамлекет кирди.Орусияга келердин алдында 10 күн мурда чет элдик студенттер университеттерине кайтып бара турган күнүн кабарлашы керек. Мындан тышкары, алар коронавируска карата эки тест тапшырышы керек: бирөөсүн Орусияга кирерден 72 саат мурда, экинчисин Орусияга кирген соң 72 сааттан кийин.

«Эгер Орусияга келген чет элдик студенттерде обочолонуу мезгилинде курч респиратордук оорунун биринчи симптомдору пайда боло турган болсо, бул тууралу дароо университетке кабар берүүгө милдеттүү», — деп билдирди Орусиянын Илим жана жогорку билим министрлиги.

Бир жыл мурда Орусиянын ЖОЖдору коронавирус пандемиясынан улам аралыктан окутуу формасына өткөн. Анда көптөгөн кыргызстандык студенттер мекенине кайтып келген.