Өлкөдө эпидкырдаал начарлоодо, ооруканалар кычкылтекке туташтырылат — Өкмөт

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков 20-мартта COVID-19 боюнча Республикалык штабдын кезектеги кеңешмесинде бардык деңгээлдердеги медициналык мекемелер COVID-19 менен ооругандардын саны жогорулашы ыктымалдыгына толугу менен даяр турушу керек экенин билдирди.

«Абал начарласа, бардык күч жана каражаттардын иштөө алгоритми даяр турушу керек. 1-апрелде саламаттык сактоо тармагынын бардык мекемелери кычкылтек берүү тутумуна кошулушу керек, ал эми алыскы жана жарым стационардык медициналык мекемелер кычкылтек концентраторлору менен жабдылышы зарыл», — деди ал.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги массалык иш-чараларды жүргүзүүгө чектөөнүн сакталышы, коомдук жайларда жана эл көп чогулган жерлерде беткап режимин күчөтүү зарылдыгын билдирди.

Новиков өз кезегинде эпидемиологиялык абал учурдагыдан дагы начарлап кетсе, кошумча коргонуу чарасын киргизүү маселеси караларын белгиледи.

Соңку аптада Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруулардын өсүү динамикасы байкалууда. Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 68 жаңы учуру аныкталган, ал эми пандемия башталгандан бери коронавирус жуктуруунун 87 389 учуру катталган.

Илдетке чалдыккандардын саны өсүшү күтүлүп жатканына карабастан, Кыргызстанда дагы эле эмдөө баштала элек. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 19-мартта Кыргызстанга кытайлык Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы келгенин, орус вакцинасы да жакын арада келе турганын билдирген.

Мындан тышкары, Кыргызстан COVAX программасы боюнча AstraZeneca вакцинасынын 500 миң дозасын алмак болчу. Бирок, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, эмдөөдөн кийин оорунун өрчүшүп кеткендигинин себептерин табуу боюнча изилдөөлөр бүтмөйүнчө вакцинаны алып келүү процесси убактылуу токтотулган.