COVID-19: Кыргызстанга Кытайдын Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы келет

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлнара Ишенапысова 18-марттагы басма сөз жыйынында Кыргызстанга кытайлык Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы келе турганын билдирди. Кытайлык вакцина 75 миң адамга каралган.

«Кудай буюрса 19-мартта Кытай тараптан дагы 150 миң доза [алып келинет] деп келишим болду. Кытайдын вакцинасын гуманитардык жардам катары күтүп жатабыз. [...] Биз айтып кетишибиз керек — бул активдүүлүгү алынган (вирусу өлтүрүлгөн — редакция) вакцина. Ал +2... +8 градуста сакталат», — деди Ишенапысова.

Ишенапысова Sinopharm вакцинасы март айында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан катталуусу күтүлүп жатканын кошумчалады.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директорунун айтымында эмдөө процесси алгач Бишкек, Ош жана Кант шаарларында, ошондой эле Чүй облусунун Ысык-Ата району жана Сокулук айылында баштала турганын билдирди. Вакцинаны биринчилерден болуп медициналык кызматкерлер, мугалимдер, жашы улгайгандар жана өнөкөт оорулары бар адамдар алышат.

Pfizer, AstraZeneca жана Sputnik V

Жылдын башында Саламаттык сактоо жана соцөнүгүү министрлиги Pfizer вакцинасынын 1 млн 200 миң дозасынан баш тарткан. Бул вакцина COVAX глобалдык альянсынын алкагында акысыз сунушталган, бирок аны сактоочу муздаткычтар жок болгонуна байланыштуу вакцина келген эмес.

*Pfizer вакцинасы -70⁰ температурада сакталышы керек. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, анын таасирдүүлүгү 95%ды түзөт, ал эми 65 жаштан жогорку курактагы адамдарда — 94%дан жогору.

Ал эми февралдын башында өлкөгө оксфорддук AstraZeneca вакцинасынын 504 миң дозасы келе турганы белгилүү болгон. ССМ бул вакцина менен кыргызстандыктардын 20%ы эмделе турганын билдирген. Мындан сырткары өкмөт Орусиядан «Спутник V» вакцинасынын 500 миң дозасын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүп баштаган.

Көп өтпөй AstraZeneca вакцинаcын колдонуудан Дания, Норвегия, Исландия, Болгария жана Таиланда убактылуу баш тарткан. Буга мамлекеттердин вакцина алган адамдарда тромб [кан тамырда уюган кан] жаралуу кооптуулугу себеп болгон.

Анткен менен Европанын дары-дармек каражаттар агенттиги (EMA) AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө тромб жаралуу коркунучун пайда кылбайт, эмдөөнү улантууга болот деп жарыялаган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму да коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасын пайдаланууну улантууну сунуштаган, себеп дегенде эмделгендердин өлүмү вакцинага байланыштуу экени далилденген эмес.

Буга карабастан Кыргызстандын өкмөтү AstraZenecaны алып келүү ишин убактылуу токтотуп, вакцина тууралуу толук маалыматты сурашкан.