Ош шаарында мугалимди атып өлтүргөндөр изделүүдө

Көкүмбөй көчөсү. Иллюстративдик сүрөт.

Ош шаарынын Көкүмбий көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдынан 23-мартта эркек кишинин сөөгү табылды. Ага ок тийип каза болгону белгилүү болду.

Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов билдиргендей, маркум шаардагы №44 мектепте информатика мугалими болгон. Ал эми кечинде такси кызматында иштеген.

Тавакалов маркумдун жанынан белгисиз автоунаанын отургучунун чехолу табылганын айтты. Ошондой эле экспертизада анын денесинен үч даана коргошун жана ок атуучу куралдын окторуна колдонулган пластмасса аныкталганын билдирди.

Басма сөз катчы маркумдун унаасы шаардагы Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын алдынан табылганын кошумчалады.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмышка шектүүлөр изделип жатат.

Буга чейин, 19-мартта, Ош облусунун Өзгөн шаарында белгисиз кишилер унаада отурган үч кишиге ок чыгарган. Анын кесепетинен эки киши ооруканага жетпей каза болгон. Маркумдар шаардагы базарда сатуучу болуп иштешкен.

Кийинчерээк милициядан маркумдардын бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгонун айтышкан. Ошондой эле шектүүлөрдүн бири табылып, анын шериктери изделип жаткан.