Ошто айдоочусу жок унаа сайга кулап, 1,5 айлык ымыркай чарчап калды

Сүрөт: Ош ШИИБ

Оштогу Төлөйкөн айылынын «Тюльпан» дачасында 21-март күнү жол четинде токтоп турган Daewo Tiko унааcы 150 метр бийиктиктен жарга кулап кетти. Кырсыктан 1,5 айлык наристе чарчап калды.

Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов билдиргендей, унаада айдоочу жок болгон. Машинада 1,5 айлык ымыркай, алты жана жети жаштагы бала, 29, 31 жана 62 жаштагы кишилер болгон.

Чоңдор шаардык ооруканага, ал эми балдар облустар аралык бириккен оорукананын нейрохирургия жана травматология бөлүмдөрүнө жаткырылган.

Аталган факты Ош ШИИБде «жол кырсыгы» болуп катталып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.