Оштун биринчи вице-мэри: «Ата-Журт Кыргызстан» менен шайлоого аттанган жокмун

Замир Юсупов

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Юсупов 23-мартта «Клоопко» «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан жергиликтүү кеңешке өтчү шайлоого барбай турганын билдирди. Ал бул тууралуу Аймактык шайлоо комиссиясына арызды 3-мартта жазганын айтты.

«Мен шайлоого аттанган жокмун. Ош шаарынын биринчи вице-мэри болгондон кийин Аймактык шайлоо комиссиясына арызымды тапшырганмын. Бирок тизмеден өчпөй калыптырмын. Кийинчерээк алынат дешкен. Мэрияда социалдык-экономикалык багытта жумуштар көп, ошол менен алектенишим керек. Мага деле бул нерсенин кереги жок», — деди Юсупов.

БШКнын сайтындагы талапкерлер бөлүмүндө Замир Юсупов «Ата-Журт Кыргызстандан» Ош шаардык кеңешине өтчү шайлоого катышып жатканын көрүүгө мүмкүн эле. Бирок 23-мартта Боршайком Юсуповдун талапкерлигин каттоодон баш тартканы белгилүү болду.

Буга чейин Ош шаардык кеңешине ат салып жатышкан тогуз партиянын төртөө «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен чогуу шайлоону тынч өткөрүү, ыплас жана мыйзамсыз иштерге жол бербөө боюнча меморандумга кол коюудан баш тарышкан.

Кол коюудан баш тарткан — «Бүтүн Кыргызстан», «Улуу журт», «Бир бол», «Улуттар Биримдиги» — партиялар «Ата-Журт Кыргызстан» калаада админресурс колдонуп, атаандаштарына кысым көрсөтүп жатканын айтышкан.

Юсупов «мэрияда административдик ресурс колдонулуп жатат» деген айыптоолорду четке какты. Ал шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов кызматкерлерге админресурс колдонбоо тууралуу эскертүү да берген дейт.

Жылдызбек Турганбаев 2-мартта кызматынан бошотулгандан кийин вице-мэрликке Замир Юсупов дайындалган. Тиешелүү буйрукка мэр Таалайбек Сарыбашов кол койгон. Турганбаев кызматтан келгенден кийин мэр Таалайбек Сарыбашов менен пикир келишпестиктен улам кеткенин ачыктады. Турганбаевдин айтымында, Сарыбашов аны кызматтан саясий көз караштардын жана саясий кызыкчылыктардын дал келбестигинен улам бошоткон.

Замир Юсупов — Ош облусунун мурдагы башчысы Байыш Юсуповдун уулу. Ошондой эле, ал «Биримдик» партиясынын Оштогу штабын башкарып турган.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы кимге таандык?

Коомчулукта «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге тиешелүү деген маалыматтар тараган. Ал эми Юстиция министрлигинин сайтында «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын жетекчиси катары Айбек Маткеримов көрсөтүлгөн.

Маткеримов Камчыбек Ташиевдин айылдашы — ал 2016-жылдан тартып 2020-жылдын октябрына чейин Барпы айыл өкмөтүндө «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп турган.

Ошондой эле 2017-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт» партиясынан талапкер болгон. Өткөн жылдын октябрында жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен аттанган. Камчыбек Ташиев болсо шайлоодо «Мекенчил» партиясын баштап барган.

Мындан сырткары Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев да Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан талапкерлигин койду.

Ал эми Ташиев өзү 2010-жылы Жогорку Кеңешке «Ата-Журт» партиясынын курамында келген. Ага чейин ал парламентте 2005-2007-жылы депутат болгон.

Мындан сырткары Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов блогер Адыл Акжол уулуна берген маегинде Камчыбек Ташиевдин атын жамынып шайлоого катышып жаткандар бар деп билдирген. Ал ошол эле учурда «Кыргызстандын тарыхында атайын кызматтын башында турган адам партия түзгөн эмес» деп айткан.

Мырзакматов түптөгөн «Улуттар Биримдиги» партиясы да Ош шаардык кеңешине ат салышып жатат. Кыргызстанда жергиликтүу кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтөт. Ал эми Ош шаардык кеңешине тогуз партия ат салышып жатат.