«Баарын мэр чечет». Жылдызбек Тургунбаев кызматтан алынганын соцтармактан билгенин айтты

Ош шаарынын мурунку биринчи вице-мэри Жылдызбек Турганбаев блогер Адыл Акжол уулуна маек курду. Анда ал кызматтан мэр Таалайбек Сарыбашев менен пикир келишпестиктен улам кеткенин ачыктады.

Буга чейин 2-мартта Ош мэриясынын басма сөз кызматынан Турганбаев кызматынан бошотулганын маалымдашкан. Анткен менен мэриядан буга эмне себеп болгонун кабарлашкан эмес болчу.

Турганбаевдин айтымында, Сарыбашов аны кызматтан саясий көз караштардын жана саясий кызыкчылыктардын дал келбестигинен улам бошоткон.

«Мэр мени иш күнү аяктап калганда өзүнө чакырып, “аябай сөз көбөйүп кетти, азыркы мэр шайлоого чейин иштеп, андан кийин Турганбаев мэр болот экен деген сөздөр болуп жатат. Сен элди экиге бөлүп атасың. Мага мындай нерсенин шайлоонун алдында кереги эмес, ошондуктан сен өзүң арыз жазып кет, же мен сени берене менен кетирем” деп айтты. Мен “макул, ойлоюн” деп кеттим», — деди Турганбаев.

Ошондой эле, экс-вице-мэр өзүнүн кызматынан алынгандыгын жана анын ордуна жаңы киши дайындалганын кийинчерек укканын айткан. Ал эртеси күнү арыз жазган.

Мындан сырткары, Турганбаев мэр менен пикир келишпесттик 2021-жылга карата калаанын бюджетин кабыл алып жатканда башталган деп эсептейт. Анткени шаардык депутаттардын жыйынында Турганбаев калаанын экономикасында өсүш болбой жатканын ачык айткан.

Анын айтымында, 2021-жылга карата шаардын бюджети 1 млд 370 млн сом кабыл алынган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 2,1%га гана көп. Турганбаев муну «өсүш» деп эсептебейт.

«Шаардагы реалдуу экономикалык абал кандай, аны кантип оңдосок болот, каерде кандай мүчүлүштүктөр бар, кандай иштерди жасаш керек деген маселени көтөргөн күндүн эртеси күнү эле Сарыбашов мени, финансы башкармалыктын жетекчисин, мэриядагы экономика бөлүмүнүн башчысын чакырып, ошолордун көзүнчө мага нааразычылыгын айткан. “Эмнеге мага каршы чыгып атасың? Мен сени кетирем” деген», — дейт Турганбаев.

* 2020-жылы Ош шаарынын бюджети 1 млрд 325 млн сомду түзгөн. Өткөн жылдын ноябрь айында экс-вице-мэр Саибжан Турдуев Оштун бюджетине тогуз ай ичинде пландалган каражаттын 102 млн сому түшпөй калганын маалымдаган.

Ошондой эле, Турганбаев мэриядагы баардык маселелер мэр аркылуу чечилгенин кошумчалаган. Анын айтымында, шаарды өнүктүрүү боюнча пландар мэрге «жакпаса» анда аларды ишке ашыруу такыр мүмкүн эмес.

«Миң жакшы адис болуп турсаң дагы, максаттарың мэрге жакпаса, же ал “добро бербесе” ишке ашыруу өтө оор болот, же такыр мүмкүн эмес экен. Башка вице-мэрлер да үмүтүн үзүп коюшкан экен. “Сиз бул жактагы тартипти билбейсиз, айтканыңыз менен пайдасы жок, баары бир баарын мэр чечет” деп мага эскертишкен болчу, кийин мен муну өз көзүм менен да көрдүм», — деген Турганбаев.

Мындан сырткары, экс-вице-мэр жергиликтүү бийликке депутаттарды шайлоо «таза» өтөт деп ишенбей турганын кошумчалаган. «Буга чейинки шайлоолор “таза” өткөн эмес, дагы эле “таза” өтпөйт, анткени ошол эле команда иштеп жатат», — деген Турганбаев.

Ал эми Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров Турганбаев кызматтан өз арызы менен кеткендигин билдирди.

«Мэр менен Турганбаевдин ортолорунда кандай сөздөр болгондугунан кабарым жок. Бирок Турганбаев 2-мартта кызматтан кетүү тууралуу өз каалоосу менен арыз жазган», — деп белгиледи Абсаттаров.

Жылдызбек Турганбаев — Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп өткөн жылдын 21-декабрында дайындалган. Ал шаардагы экономика тармагына жооптуу болуп келген. Кызматка келгенге чейин ал Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын кеңешчиси болуп иштеген. Ошондой эле ал Ноокат райондук, Ош шаардык жана түштүк региону боюнча салык кызматтарын жетектеген.

Турганбаев 2-мартта кызматынан бошотулгандан кийин вице-мэрликке Замир Юсупов дайындалган. Тиешелүү буйрукка мэр Таалайбек Сарыбашов кол койгон. Замир Юсупов — Ош облусунун мурдагы башчысы Байыш Юсуповдун уулу. Ошондой эле, ал «Биримдик» партиясынын Оштогу штабын башкарып турган.