Жумгал: Суу чарбанын жетекчилиги 3 млн сомдук маянаны ыйгарып алууга шектелүүдө

Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Нарын облустук прокуратурасы Жумгал райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчилиги эмгек акы фондунан ири өлчөмдөгү сумманы мыйзамсыз ыйгарып алганын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

«Аталган башкармалыктын жооптуу кызмат адамдары [...] мекеменин каржылык жана бухгалтердик иш кагаздарын жасалмалоо аркылуу, айрым кызматкерлердин эмгек акы төлөө карталык эсебине каражаттарды которуу жолу менен банк аркылуу чыгарып, өз кызыкчылыгына пайдалангандыгы аныкталган», — деп берилет Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Көзөмөл орган мамлекетке 3 млн 62 миң сом зыян келтирилгенин билдирди. Бул факты боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Буга чейин УКМК Талас районунда мектептин директору мугалимдердин маяналарынын бир бөлүгүн ыйгарып алып жүргөнүн аныктаган. Тинтүү учурунда директордун кабинетинен тогуз банк картасы табылган.