260 миң сом штраф. Экс-депутаттын пара алууга шектелген агасы күнөөлүү деп табылды

Бишкек шаардык соту Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык кеңеш берүү борборунун мурдагы директору Бахтияр Төлөновдун иши боюнча Биринчи май райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Данияр Төлөновдун бир тууганы, Бахтияр Төлөнов мурда «Пара талап кылуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган, ага абак жазасынын ордуна 260 миң сом айыппул салуу өкүмү чыгарылган.

Бахтияр Төлөновдун иши

Бахтияр Төлөнов 2020-жылдын январь айында финпол тарабынан 800 доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, аткаминер параны чет өлкөлөрдө мигранттар менен иштешүү багыты боюнча лицензияны алып берүү үчүн талап кылган. Төлөнов ошол кезде чет өлкөлөрдө эмгек мигранттары арасында квоталарды бөлүштүрүү ишин тескеген.

Сот анын бөгөт чарасын карап, эки айга ТИЗО-1ге камакка алуу чечимин чыгарган. Бирок ал камакка алынып, баш коргоо чарасы кабыл алынгандан кийин инфаркт менен ооруканага түшкөн, андан соң аткаминер ооруканада күзөттүн кайтаруусунда болгон.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен Мамлекеттик миграция кызматына караштуу борбордун жетекчиси кызматтан четтетилген. 2020-жылдын 29-декабрында Бишкектин Биринчи май райондук соту Төлөновду күнөөлүү деп таап, ага карата 260 миң сом айыппул салуу өкүмүн чыгарган. Жактоочу тарап өкүмгө нааразылыгын билдирсе да, экинчи инстанцияны да уттуруп жиберген.

Мурдагы аткаминердин бир тууганы да Жогорку Кеңештин депутаты болгонго чейин миграция тармагында иштеген. Ал Данияр Төлөнов — «Кыргызстан» партиясынан мурдагы депутат.

Экс-аткаминердин иниси

Данияр Төлөнов 2008-2010-жылдары Ош облусундагы Миграция жана жумуштуулук боюнча комитеттин төрагасы болуп иштеген, андан соң 2010-2012-жылдары Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын начальниги болгон. Андан кийин Төлөнов Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Түштүк боюнча координатору, миграциялык саясат башкармасында бөлүмдүн начальниги кызматын аркалаган.

2020-жылдын жай мезгилинде Данияр Төлөнов VII чакырылыштагы парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынан катышуу үчүн мандатын тапшырган. Анын ордуна партиялашы Мээримбек Койчуманов келген. 2020-жылдагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккандан кийин ал парламентке кайтып келген эмес. Анын парламенттен кетиши жаңжалга туура келген — Economist.kg басылмасы иликтөөсүндө Данияр Төлөнов мамлекеттик кызматта иштеп жаткан кезде декларацияда бизнестерин көрсөтпөгөнүн аныктаган.