Жогорку Кеңештин дагы эки депутаты мандаттарын тапшырды

Данияр Төлөнөв / Алтынбек Жунус уулу

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-августта Жогорку Кеңештин эки депутатынын ыйгарым укуктарын токтотту. Маалыматка ылайык, «Кыргызстан» фрациясынын депутаты Данияр Төлөнөв жана «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу өз калоосу менен мандаттарыны тапшырды. Алардын ордуна Мээримбек Койчуманов менен Нурлан Сырдыбаев келди.

Мандатты тапшырган экс-депутат Төлөнөв кезектеги парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясы менен катышмакчы — ал партиянын тизмесинде 10-орунда турат. Ал эми Жунус уулу «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан да чыгып, кезектеги шайлоого «Республика» менен барат — ал талапкерлердин тизмесинде бешинчи.

Буга чейин Жогорку Кеңештин бир нече депутаты кезектеги шайлоого катышуу үчүн мандаттарын тапшырышкан.

Биринчилерден болуп мандатты «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов тапшырган. Анын негизги себеби катары Шыкмаматовдун партиянын ошол убактагы лидери Өмүрбек Текебаев менен пикири келишпей калганы айтылган. Экс-депутат «Бир Бол» партиясы менен парламенттик шайлоого катышат.

Жарым жылдан кийин депутаттык мандатты Исхак Масалиев тапшырган. Учурда ал «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого барат.

Анын артынан «Кыргызстандын» бир нече депутаты — Руслан Чойбеков, Жаныбек Исаев, Алмазбек Эргешев жана фракциянын лидери Алмазбек Баатырбеков — мандаттарын тапшырышкан. Кийинчерээк Баатырбеков вице-премьер-министр болуп дайындалды.

Ал эми акыркылардан болуп Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов кеткен. Ал дагы кезектеги шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен катышат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга өтөт.