«Үй салып жаткан». Ошто киши колдуу болгон мугалим жерге берилди

Ош шаары

Ош шаарында 23-март күнү октон каза болгон мугалим жерге берилди. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасына шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.

Маркум мугалим 35 жаштагы Акмал Буваев экени белгилүү болду. Кесиптештери Буваевди мээнеткеч, ак көнүл жана тамашакөй инсан болгон деп эскеришти.

«Жер алып, үй салып жаткан»

Буваев Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сабиров мектебинде окуп, программалоо адистиги боюнча Кыргыз-Өзбек университетин бүтүргөн.

Окууну аяктаган соң Буваев Ош юридикалык институтунда, №10, №44 жана №46 мектептерде сабак берген. Ал эми үстүбүздөгү жылы Кыргыз-өзбек университетине кайрадан тапшырып, дене тарбия адистиги боюнча окуп жаткан.

Кесиптештеринин айтымында, Буваев Кара-Суунун Нариман айыл өкмөтүнөн жер сатып алып үй куруп жаткан. Ал эми кошумча киреше табуу максатында бал аары кармап, бош убактысында таксист болуп иштеген.

Маркумдун артында эки кыз, бир уулу калды.

Буга чейин 23-мартта Ош шаарынын Көкүмбий көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен ок тийип каза болгон эркек кишинин сөөгү табылган. Маркумдун жанынан белгисиз автоунаанын отургучунун чехолу табылганын айтты.

Ошондой эле экспертизада анын денесинен үч даана коргошун жана ок атуучу куралдын окторуна колдонулган пластмасса аныкталган.

Мындан сырткары маркумдун «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаасы шаардагы Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын алдынан табылган болчу.

Аталган факт Ош ШИИБде «Адам өлтүрүү» беренеси менен катталып, учурда кылмышка шектүүлөр изделип жатат.