«Сүйлөшөлү дегенбиз». ИИМ Сания Токтогазиеванын үйүнө келген кызматкери тууралуу

23-мартта Жогорку Кеңеште Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупциянын алдын алуу комитетинин жыйыны болуп өттү. Парламент депутаттары активисттердин кысымга кабылышын, анын ичинде юрист Сания Токтогазиеванын үйүнө милиция кызматкери издеп келгенин талкуулашты.

ИИМ орун басары Мирлан Каниметовдун айтымында, Токтогазиева боюнча Бишкектин Эркиндик бульварынын жашоочулары Конституцияга каршы митингдерге нааразы болуп, арыз менен кайрылып, КЖБРuе каттоого алынган. Марш ар жекшемби сайын өтүп, катышуучулар Эркиндик бульварында жүрүшкө чыгышат. Токтогазиева бир нече жолу жүрүшкө катышкан.

«Арыз жазгандар дем алыш күнү тынчтык бербей, барабандарын каккылап [маршта] жатышат деп айтышкан. Аларга [марштын катышуучуларына] түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, барабандар менен жашоочулардын тынчын албагыла деп айтканбыз. Бишкек ШИИБнин тергөөчүсүнүн атайын тапшырмасы менен кызматкерлер марштын катышуучуларын маектешүүгө чакыруу үчүн жашаган жерлери аныкталып жаткан», — деп билдирген ал.

*Жекшемби күнкү марш — бул мыйзамдуулук үчүн жана Конституцияга каршы деген ураан менен өтүүдө. Жарандар жана активисттер бир нече айдан бери, бир эле маршрут менен тынчтык маршына чыгышууда — темир жол бекетинен Эркиндик бульвары аркылуу өтүп, Ак үйдүн алдына келишет.

Депутат жана комитет төрайымы Наталья Никитенко «өз пикирин айтып чыккан адамдарды кармоо тынчсыздантып жатканын» белгиледи.

*Буга чейин депутат Наталья Никитенко ИИМ башчысы Улан Ниязбековго жана башкы прокурор Курманкул Зулушевге жарандык активисттерге карата болуп аткан кысым боюнча кат менен кайрылган. Никитенко бул фактылар боюнча толук маалымат берүүнү өтүнгөн.

«Мен кайрылып кетким келет, укук коргоо кызматкери мыйзам чегинен чыкпашы керек. Адам укуктарын, жарандардын эркиндиктерин бузууга эч качан жол берилбеш керек деп эсептейм [...] Коркутуп-үркүтүүнүн мындай ыкмалары, репрессиялар мындан ары болбошу керек, болбосо бийликтин кайсыл бутагына болбосун элдин ишеними жоголот», — деп билдирген ал.

Ал ИИМ жетекчилигине кайрылып, ой-пикир билдирүү эркиндиги кол тийгис экенин айтып, тынчтык чогулуштарына чектөө коюуга жол бербөөнү өтүнгөн.

ШИИББден келген мырза

Началось! Какие-то странные люди представившись представителями правоохранительных органов ищут меня. Буквально час...

Опубликовано Saniya Toktogazieva Пятница, 26 февраля 2021 г.

Юрист жана Конституциялык укук боюнча адис Сания Токтогазиева 26-февралда өзүн милиционер деп тааныштырган белгисиз эркек киши ал тууралуу маалымат топтоп жүргөнүн кабарлаган.

Анын айтымында, бир бейтааныш адам өзүн Мирлан Качкынбаев деп тааныштырып, подъезд боюнча жооптууга телефон чалган (Качкынбаев подъезд боюнча жооптуу Токтогазиеванын жолдошу экенин билген эмес болуш керек). Качкынбаев Сания Токтогазиеваны издеп жүргөнүн айтып, ал кайсы батирде жашап жатканын билип берүүнү суранган.

«Андан кийин ал [Качкынбаев] келген болчу, жолдошум анын иш аракетин жаздырып алуу максатында камерасын күйгүзүп, видеого тарткан. Жолукканда эле Качкынбаев бир нерсени сезгендей башка темада сүйлөй баштаган. Таптакыр башка ойдон чыгарылган окуяны айтып, сакалчан эки кызды издеп жүргөнүн билдирген. Жолдошум ага Сания Токтогазиеваны издеп жүрбөдүңүз беле деп айтса, эч качан антип айткан эмесмин деп жооп берген», — деп Токтогазиева билдирген.

Жыйынтыгында Токтогазиева өзү жөнүндө ким, эмне максатта маалымат чогултуп жатканын билүү үчүн милицияга арыз жазган.

Тема боюнча окуңуз:

Бири камакта, экинчиси дайынсыз. Активисттерге «аңчылык» башталдыбы?

Никитенко активисттерге карата кысым боюнча ИИМ жана Башкы прокуратурага кайрылды