Активисттерге карата куугунтук менен аңдуулар эл өкүлүн кыжырдантты

Жогорку Кеңештин 25-марттагы отурумунда депутат Дастан Бекешев өкмөттү өлкөдөгү көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн «жолдорун жана багыттарын берүүгө» чакырды. Анын айтымында, азыркы учурда Кыргызстан кезектеги кризиске кептелип жаткан маалда, укук коргоо органдары активисттерге жана «добулбас каккандарга» каршы күрөш жүргүзүү менен алек.

Активисттерге каршы күрөш

Бекешевдин айтымында, өлкөдө уурулук көбөйүп, кылмышкерлер «байкоо камераларынан коркпой, үйлөргө түн жамынып кирип жатышат». Эл өкүлү белгилегендей, укук коргоо органдары ушул сыяктуу проблемаларга каршы күрөшүүнүн ордуна активисттер менен алек.

«Укук коргоо органдары кайдагы бир активисттердин артынан түшүп, эмне кылып жүргөнүн аңдып жүрүшөт*. Добулбастарды ким каккылап бара жатканын карап, аңдып жүрүшөт. Күлкүнү келтирбей, чыныгы курч маселелерди чечүүнүн үстүнөн иштегиле да. Фейсбукта бир нерсе жазып койгондорду түрмөгө отургузуп жатышат, уурдагандарды бошотуп жатышат», — деди ал.

* Кыргызстанда соңку айда активисттерге, өзгөчө Конституциянын жаңы долбооруна каршылыгын билдиргендерге карата кысым кыйла күчөдү. Мисалы, ошондой активисттердин бири Тилекмат Күрөңов фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн кармалган — укук сакчылары Күрөңовдун жарыяларында «Бийликти күч менен басып алууга чакырыктар» бар экенин айтышууда. Активист Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына 1 айга киргизилген.

** 23-мартта Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов, юрист Сания Токтогазиеванын үйүнө милиция кызматкери аны маектешүүгө чакыруу үчүн жашаган жерин аныктоо үчүн келгенин билдирген. Каниметовдун айтымында, милиционер Эркиндик бульварынын тургундары берген арыздын негизинде ушундай чара көргөн. Арыз ээлери жекшемби сайын өтүп жаткан, «добулбастарды каккылап, тынчты алган» мыйзамдуулук үчүн жөө жүрүштөргө нааразылыгын билдиришкен.

Өлкөдөгү кризистер тууралуу

Бекешев өлкөдө «паспорт кризиси» жаралганын, анын кесепетинен жарандар — мисалы, чет өлкөдө окуган студенттер, чет өлкөдө меджардамга муктаж бейтаптар кете албай жатканын белгиледи.«Паспорттун бланктары жок. Кандай кризиске кептелгенибизди көргүлөчү. Мамлекеттик үлгүдөгү документ жок», — деди ал.

* Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Акын Мамбеталиев өлкөдө «паспорт кризиси» жаралганын билдирген. Анын айтымында, ведомстводо 20 миң эле бланк калган, анын ичинен 16 миңи иштетүүдө. Ошондуктан МКК биометрикалык жаңы жалпы жарандык паспортторду бере албай жатат. Мекеме документтер 1-майдан тартып бериле баштаарын билдирген, бирок экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев жалпы жарандык жаңы паспортторду берүү сентябрда башталышы ыктымалдыгын билдирген.

«Паспорттук кризистен» улам премьер-министр Улукбек Марипов 9-мартта алардын жарактуулук мөөнөтүн 2021-жылдын 1-сентябрына чейин узарткан:

  • 2004-жылкы үлгүдөгү өлкө ичиндеги жана сыртында жүргөн Кыргызстандын жарандарынын паспорту;
  • 2006-жылкы үлгүдөгү өлкө ичиндеги жана сыртында жүргөн Кыргызстандын жарандарынын жалпы жарандык паспорту.

Бекешев өлкө энергетикалык кризиске да жакындап калганын*, бирок өкмөт бул маселени эч чечпей жатканын белгиледи.

* 24-мартта энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү кооптуу деңгээлге жетип калганын билдирген — ГЭС Кыргызстанды 40-50% электр энергиясы менен камсыздайт. Министр кырдаалдан чыгуу үчүн өкмөт тийиштүү чараларды көрүп баштаганын түшүндүрдү. Турдубаев андай чаралардын бири катары Казакстан жана Өзбекстандан электр энергиясын импорттоону атады — импорт марттын башында эле башталган.

«Бул маселени кантип чечебиз, мындан ары эмне кылыш керектигин эч ким айтпай жатат. Инфляция өсүп, азык-түлүк кымбаттап жатат. Биз бул маселени талкуулаганбыз, бирок дагы деле өкмөт менен президент тараптан эч кандай чечим кабыл алынган жок», — деди ал.

Бекешев жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин «өлкө оңолот» деп отурбастан, аталган «маселелерди азыр чечип башташ керектигин» белгиледи.

«Паспорт кризиси жана жумушсуздук боюнча чоң өтүнүчүм бар, мындан ары эмне кыласыңар, жок дегенде маселени чечүүнүн кандайдыр бир жолун, багытын бергилечи? Өлкө минтип жашай албайт да, артка кетип жатпайбызбы»,— деди депутат.

Тема боюнча:

Бири камакта, экинчиси дайынсыз. Активисттерге «аңчылык» башталдыбы?

Кыргызстанда азык-түлүк кымбаттап, элдин кирешеси азаят

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү кооптуу деңгээлге жетип калды — энергетика министри

Электрондук паспорттор майда эмес, сентябрдан тарта берилмей болду