Бишкек мэриясынын аткаминерлери маркумдардын үйлөрүн ээлеп алышкан — ИИМ

ИИМдин тергөө кызматы Бишкекте маркумдардын мураскору жок батирлерин ээлеп алуу боюнча коррупциялык схеманы аныктады.

Маркумдардын ээсиз калган батирлери — бул ээси каза тапкандан кийин муниципалитеттин балансына өткөн мураскору жок турак жайлар. Мыйзам боюнча бул үйлөр аз камсыз болгон жарандарга берилиши керек.

Бирок тергөө органдары Аламүдүн-1 кичи районундагы ушундай батирлердин биринде 2013-жылдан бери Свердлов райондук МТУнун башчысы М.А. аттуу адам жашап келгенин аныкташкан. Ал батирди бошотуп берүүдөн баш тартып жатат.

Тергөөнүн версиясына ылайык, ал батирди Бишкек мэриясынын Муниципалдык мүлктөр башкармалыгы менен райондук администрациядагы айрым адамдардын мыйзамсыз аракеттеринин жарадамы менен алган.

Укук коргоо кызматкерлери менчик ээлери каза болуп, кожоюну жок калган 34 батирди текшерип, кыймылсыз мүлк Бишкек мэриясынын кызмат адамдарынын карамагына өтүп кеткен дагы 5 учурду аныктаган.

«Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. ИИМдин маалыматына караганда, тергөө кызматы калган ээсиз батирлердин мыйзамсыз жашоочуларын аныктоо боюнча иш-чараларды улантып жатат.