Дин иштери боюнча мамкомиссиянын башчысынын орун басары болуп Гүлназ Исаева дайындалды

Материал 12:22де жаңыртылды

Гүлназ Исаева Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду.

Исаева бул кызматка келгенге чейин аталган мекемеде аналитика бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. IWPR (Согушту жана Тынчтыкты чагылдыруу институту) долбоорунун алкагында Дин кызматкерлери үчүн медиа сабаттуулук жана зомбулук экстремизмине каршы туруу боюнча тренингдерде насаатчы катары катышкан.

Дин иштери боюнча мамкомиссиясындагы чуу

Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген Садыр Жапаров 2020-жылдын 13-ноябрында өзүнүн мурдагы адвокаты Акин Токталиевди Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы кылып дайындаган. Токталиевдин аталган кызматка келүүсү мамкомиссиянын кызматкерлеринин нааразычылыгы менен коштолгон.

Көп өтпөй Токталиев бул кызматтан бошотулган. Анын ордуна Медер Карабаев дайындалган. Карабаев мурда ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын ыйгарым укуктуу кызматкери болуп иштеген.

Токталиев буга чейин «Кыргызстан элинин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо комитетин» жетектеген жана укук коргоочу, юрист катары белгилүү болгон.