Коронавирус менен ооруп жаткандар орозо кармаса болобу? Муфтияттын жообу

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы коронавирус менен ооругандар саламаттыгы мүмкүндүк бербей жатса орозо кармабай эле койсо болоорун билдирди.

«Эгер дарыгер бейтаптын ден соолугунун абалы орозо тутууга жол бербейт деп айтса, анда анын айтканы менен болуу керек. Эгер орозо кармоо адамдын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жаратса, анда аны кармабай эле коюуга болот. Мындай учурларда шариат уруксат берет. Бирок, жакшы болуп калгандан кийин карызды кайтарып берүү зарыл», — деди муфтияттын фатва бөлүмүнүн өкүлү Бахтияр Токтогазы уулу.

Алдын ала маалыматка ылайык, 2021-жылы Орозо айы 13-14-апрелде башталат. Орозо айы — мусулмандар орозо туткан ыйык ай. Орозо тутуу Ислам дининде айтылган, ар бир мусулман аткарууга тийиш болгон беш парздын бири*.

*Психикалык жактан жабыркагандар, жаш балдар, ооруп жаткандар, кары-картаңдар, саякатчылар, кош бойлуулар жана бала эмизген аялдар орозодон бошотулат.

Ооз бекиткендер күндүз тамак аштан, суу жана башка ичимдиктерден, чылым чегүүдөн жана жыныстык жакындашуудан баш тартат. Орозо таң эрте башталып (таңкы азандан кийин) күн батканда (кечки азандан соң) бүтөт.