«Садыр, мындай пастыкка барба!». Жылдызкан Жолдошова уулу кызматтан алынганын билдирди

Экс-депутат Жылдызкан Жолдошова өлкөдөгү саясий абал, Жерүй, «Камбар-Ата-1» маселеси боюнча ойлорун айтканы үчүн уулу жумуштан алынганын айтып чыкты. Бул тууралуу Жолдошова өзүнүн фейсбук барагына жазды.

2010 жылдан баштап, Садыр Жапаровтун башына кандай оор күндөр өтпөсүн, мен жанында болдум. О.э. Ата Журт партиясынын...

Опубликовано Жылдыз Джолдошовой Четверг, 25 марта 2021 г.

«Уулумду бир жарым ай мурда президенттин аппарат башчысы Сүйүнбек Касмамбетов кабыл алып, кызматка алышкан. Кечээ мен “Өлкөдөгү саясий абал” деген конференцияда Жерүй, Камбар-Ата-1 маселеси боюнча өз оюмду айтканым үчүн бүгүн уулумду жумуштан кетиришиптир», — деди Жолдошова.

Ошону менен катар, Жолдошова 2010-жылдан бери Садыр Жапаровдун башына түшкөн кыйын учурларда колдоп келгенин, «Ата-Журт» партиясы менен бирге ал дагы басымга кабылганын эскерип, президент Садыр Жапаровго кийин кеч болуп калат деген эскертүү берген.

«Ал эми Садыр Жапаровго айтаар элем, эч кимдин баласына тийбе, мындай “пастыкка” барба! Садыр, сага өз убагында айтылып жаткан чындыкты экс-президенттин кейпин кийгенде түшүнөсүң. Бирок, аттиң... кеч болуп калат», — деп жазды ал.

Аны менен катар, «канчалык кысым болбосун мамлекеттин, элдин тагдырына зыян келе турган маселеде өз позициясынан, чындыкты айтуудан тайбай турганын» кошумчалаган.

Жылдызкан Жолдошева мурдагы партиялаштарына буга чейин да кайрылып, «айланаңарга душмандар толуп алды» деп эскерткен.

КУТ... Кут, адам баласына кайра-кайра келе бербейт. Жараткан "кутту", болгону үч ирет гана берет, ошону унутпасаңар....

Опубликовано Жылдыз Джолдошовой Вторник, 9 марта 2021 г.

Кечээ 24-мартта «Жоогазын» революциясынын күнүнө арналган «Кыргызстандагы саясий куугунтуктоолор жана саясий абал» аттуу талкуу өткөн. Ага коомдук ишмерлер Жылдызкан Жолдошова, Клара Сооронкулова, Жеңиш Молдакматов жана башкалар катышкан.

Анда Жолдошова президент Садыр Жапаровдун аракеттерин сынга алган. Ал президент «Жерүй кенинде мамлекеттин үлүшүн киргизсе болот эле» деген. Ошондой эле «Камбар-Ата-1» ГЭСин Өзбекстан менен биргеликте курбоого чакырган.

«Менин айтайын дегеним, эгерде Өзбекстан менен бирге курсак, суунун башын эмес, суунун өзүн алдырып жиберебиз. Ушул убака чейин бир да президент стратегиялык обьектилерге тийген эмес», — деп белгилеген экс-депутат.

Жолдошова Кыргызстан коңшу өлкөгө сууну сатуу керек деп эсептейт. Буга чейин Жапаров ГЭСти Өзбекстан менен бирге куруу макулдашылганын билдирген.

Жылдызкан Жолдошова жана Садыр Жапаров

Жылдызкан Жолдошева 2010-жылы «Ата-Журт» партиясынын катарында президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен чогуу Жогорку Кеңешке депутат болуп келип, кийин «Ата-Журт» фракциясын жетектеген. Ошондой эле, 2011-жылдагы июнь коогалаңын иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү болгон.

Ал буга чейин Садыр Жапаровду жигердүү колдоп келгендердин бири. 2012-жылы парламенттин үч депутаты — азыркы учурдагы президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов — «бийликти күч менен басып алууга» айыпталып, сот жообуна тартылганда Жолдошова аларды бошотууну талап кылган.

Экс-депутат Садыр Жапаров камалгандан тартып аны бошотууну талап кылган митингдерге катышып келген. Акыркы митинг 2020-жылдын 2-мартында өткөн. Бишкектин Ала-Тоо аянтында миңдеген киши чогулган. Алар ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдон Жапаровду эркиндикке чыгарууну талап кылышкан. Жолдошова өлкө башчысы менен жолукканын жана ал колуна тийген бардык материалдарды укук коргоо органдарына берүүгө убада берди деп маалымдаган.

Жолдошова 2020-жылы октябрда өтүп, жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоого Ташиев менен Жапаров негиздеген «Мекенчил» партиясы менен төртүнчү катар санда катышкан.