Тазабек Икрамов: Элден мурун COVID-19га каршы министрлер менен депутаттар эмделсин

Жогорку Кеңештин 25-марттагы отурумунда депутат Тазабек Икрамов COVID-19га каршы вакцинаны жөнөкөй жарандарга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары жана өкмөт мүчөлөрү алыш керек деп билдирди.

«Мен айтар элем, Саламаттыкты сактоо министрилиги түз эфирде вакцинацияны өздөрү башташсын. Элге вакцинацияны берерден мурун, ошол эле премьер-министрден баштап, бардык жетекчилер, ошол эле депутаттардан башташ керек […] Вакцинацияны эң биринчи саламаттыкты сактоо министринен, премьер-министрден, вицелерден, башка министрлерден, депутаттардан, анан элден баштайлы» — деди Икрамов.

Ал саламаттык сактоо министрлиги вакцина кайдан келди, кандай терс таасири болушу мүмкүн жана баасы канча экени жөнүндө толук маалымат бериши керектигин баса белгиледи.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө

Калкты коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталат. Элге кытайдын Sinopharm вакцинасы сайылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 25-мартта билдирген. Эмдөөнүн баштапкы этабы Бишкек, Ош жана Чүй облусунда башталат.

Эмдөө иши үч этап менен өтөт:

  • Биринчи этапта медицина, билим берүү, укук коргоо жана күч орган кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүү пландалууда.
  • Экинчи этапта вакцина өнөкөт оорулары бар адамдарга, калктын социалык аялуу катмарына, андан тышкары, 60 жаштан улуу адамдарга сайылат.
  • Жарандардын калган бөлүгүн эмдөө үчүнчү этапта жүргүзүлөт.

Кыргызстанга COVID-19 илдетине каршы кытайлык Sinopharm вакцинасы 19-мартта келген. Жалпысынан өлкөгө акысыз 150 миң доза алынып келген. Вакцинанын бул көлөмү 75 миң кишиге жетиши керек, анткени бул препарат аралыгы 25-28 күн ичинде эки жолу сайылышы керек.

Тема боюнча: Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө 29-мартта башталат — ССМ