Ошто мугалимди өлтүрүүгө шектелип 63 жаштагы киши кармалды

Ош шаарындагы Көкүмбий көчөсү.

Ош шаарында 35 жаштагы мугалимди өлтүрүүгө шектелген киши кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов 26-мартта маалымдады.

«Кармалган адам 1958-жылы туулган, Кара-Суу районунун тургуну. Ал кылган күнөөсүн толугу менен моюнуна алды. Кылмыш жасаган соӊ эски тааныштарынын биринин үйүндө бекинип жаткан жеринен кармалган», — деп билдирди Тавакалов.

Мындан сырткары, ал шектүүнүн берген көрсөтмөсү текшерилип жатканын кошумчалады. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталып, тергөө амалдары уланууда.

Мындан үч күн мурун калаанын Көкүмбий көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдынан эркек кишинин сөөгү табылган. Ага ок тийип каза болгону аныкталган.

Кийинчерек милициядан маркум шаардагы №44 мектепте информатика мугалими болгонун кабарлашкан. Ал кечинде такси кызматында иштеген. маркумдун артында жубайы, эки кызы жана бир уулу калды.

Тема боюнча:

Ош шаарында мугалимди атып өлтүргөндөр изделүүдө