УКМК: Маммүлк фондунун жетекчилиги мамлекетке 100 млн сом зыян келтирген

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчилиги бюджетке 100 млн сомдон ашуун зыян келтиргенин аныктады. Бул тууралуу УКМК 27-мартта кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, фонддун кызмат адамдары мамлекеттик мүлктөрдү узак мөөнөткө ижарага берүүдө пайдасыз келишимдерди түзгөн.

Бул фактылары боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Билип туруп пайдасыз контракт түзүү» беренелери менен сотко чейинки өндүрүш ачылды.

«Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат», — деп билдиришти УКМКдан.

Буга чейин, 15-февралда, Каржы полициясы Маммүлк фондуна караштуу «Мүлк» ишканасынын кызмат адамдарын Бишкектеги «Караван» соода борбордогу орундарды «өз адамдарына» арзан баада бергенин аныктаган. Ошондой эле укук коргоо органдары «Мүлктүн» жетекчилиги соода борборунда 2017-жылдан бери электрондук аукцион өткөрбөй жана «жок кишилерге» айлык төлөп жүргөнүн да билдирген.

Каржы полициясы бул аракеттерден бюджетке 367 млн сомдон ашык зыян келтирилгенин билдирген.