«Ата-Журт Кыргызстан», «Эмгек» жана «Ак-Бата» партиялары мыйзам бузган деп шектелүүдө

Жергиликтүү кеңешке шайлоонун алдында, 26-мартта Бишкек АШКсынын ыкчам аракет көрүү координациялык тобунун жыйыны болуп өттү. Жыйынга борбор калаанын АШК мүчөлөрү жана Бишкектин укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышкан.

Отурумдун жыйынтыгында «Ата-Журт Кыргызстан», «Ак-Бата» жана «Эмгек» партияларына карата шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча иштер катталганы маалымдалган.

Ага ылайык, фактылар КЖБРге төмөнкү беренелер боюнча катталган:

  • «Ата-Журт Кыргызстан» партиясына карата — «Шайлоочулардын добушун сатып алуу»;
  • «Ак-Бата» партиясынын үгүтчүсүнө карата — «Шайлоо кампаниясын каржылоо тартибин бузуу»;
  • «Эмгек» партиясына карата — «Ишенип берилген мүлктү менчиктеп алуу же ыксыз жок кылуу», «Кызмат ордун кыянаттык менен пайдалануу» жана «Шайлоочулардын добушун сатып алуу»;

Бишкек ШИИББде фактылар «Эмгек» партиясына карата гана катталган:

  • №93 орто мектептин мугалими жана муниципалдык аймактык башкармалыгынын бирининин жооптуу адиси тарабынан үгүт жүргүзүү фактысы боюнча;
  • «Арча-Бешик» конушунда добуш сатып алуу фактысы боюнча;
  • «Инстаграм» соцтармагында белгисиз аял участкалык шайлоо комиссиясына жарандарды ташып келүү тапшырмасын берген аудиожазуунун таралышы боюнча.

«Ата-Журт Кыргызстан» жана «Эмгек» партияларынын мыйзам бузуулары

Бишкек АШКсы «Ата-Журт Кыргызстан»* жана «Эмгек» партиялары шайлоо эрежелерин үгүт башталган күнү эле бузганын аныктаган.

*«Ата-Журт Кыргызстан» — курамында эң көп мүчөсү бар, Кыргызстандын саясий айдыңындагы эң жаш оюнчу. Аталган партиядан шаардык кеңешке миңден ашуун талапкер ат салышууда.

Азыркы учурда партияны Айбек Маткеримов жетектейт — ал 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынан талапкерлигин койгон.

Бул партиянын жети мүчөсү «Мекенчил» партиясынын тизмесинде болгон. Буга чейин президент Садыр Жапаров «Мекенчил» партиясы жергиликтүү жана парламенттик шайлоого катышпайт деп айткан. Чындыгында эле, партиянын өзү шайлоого катышкан жок, бирок анын мүчөлөрү Бишкек, Баткен, Базар-Коргон, Жалал-Абад жана Майлуу-Суу шаарларынын кеңештерине талапкерлигин коюп жатышат.

Анда «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын талапкери Бабыржан Төлбаев кагаз жүзүндө эскертүү алган. Ал инстаграмда кыргызстандык аялдарды 8-март майрамы менен депутаттыкка талапкер катары куттуктаган. Ошондой эле, КММА студенттери менен жолугуп, аларга депутаттыкка барарын айтып берген.

«Эмгек» партиясынын мүчөсү үгүт жүргүзүүгө уруксат берилбеген мөөнөттө үгүт иштерин аткарганы үчүн жазуу түрүндө эскертүү алды.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо

Жергиликтүү деңгээлдеги шайлоолор Ош, Майлуу-Суу, Каракол, Балыкчы, Токмок жана Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй жана Ош облустарынын айрым райондорунда 2020-жылдын 12-апрелинде өтүшү керек болчу.

Бирок, ошол кезде COVID-19 илдетин алгачкы жуктуруу учурлары аныкталгандыктан, Бишкек, Ош шаарларында жана айрым райондордо өзгөчө кырдаал (дагы эле өз күчүндө) жана өзгөчө абал режими киргизилген. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү шайлоолорду өткөрүү күнү белгисиз мөөнөткө жылдыруу тууралуу жарлык чыгарган.

2020-жылдагы октябрь айындагы окуялардан жана бийлик алмашкандан кийин шайланган президент Садыр Жапаров жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду 11-апрелге дайындаган. Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде депутаттар Конституция боюнча референдумду бюджетти үнөмдөө максаты менен жергиликтүү кеңештерге шайлоолор менен бирге бир күндө өткөрүү боюнча чечимди чыгарарына «үмүт» артканын билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөнүн баш мыйзамынын долбоорунун коомдук талкуусу расмий түрдө бүткүчө эле, Конституция боюнча референдумдун мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырып коюшкан. Коомдук талкуу бүтүп, эки күн өткөндөн кийин, депутаттар мыйзам долбоорун бир күндө эле расмий түрдө экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алышкан, андан кийин президент Жапаров ага кол койгон.

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жана Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча референдум өткөрүүгө казынадан дээрлик жарым миллиард сом сарпталары маалым. Мындан тышкары, парламенттик шайлоо да кайрадан өтүшү керек — буга бюджеттен канча акча сарпталары азырынча белгисиз.