Депутат Жумалиев жеке клиникадан чыккандан кийин ТИЗОго кайтарылды — УКМК

Депутат Кубанычбек Жумалиев УКМКнын тергөө изоляторунда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы «Клооптун» кабарчысына билдирди.

УКМКдан билдиришкендей, Жумалиев дагы деле «Бикард» клиникасында жатат деп буга чейин ЖМКларда айтылган маалымат «чындыкка коошпойт».

«Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев “Бикард” клиникасында жатып чыккандан кийин УКМКнын тергөө изоляторуна кайтарылды», — деп билдиришти ведомстводон.

Атайын кызматтагылар такталбаган маалымат таратуу «адамдарды дезинформация кылып, адаштырып коёт» деп кошумчалашты.

Ушул эле жеке клиникада дагы деле экс-бажычы Райымбек Матраимов дарыланып жатат. Ал мурдараак мамлекеттик Бажы кызматындагы коррупцияга аралашкан деп күнөөлүү табылган. Учурда ал кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу боюнча айыпталууда.

Жумалиевдин кармалышы

УКМКнын кызматкерлери депутат Жумалиевди 4-февраль күнү кечинде кармашкан. Ал кызмат абалынан кыянат пайдаланууга жана Эл аралык медициналык университеттин ишмердүүлүгүнө лицензияны мыйзамсыз алган деп шектелүүдө. Бул окуу жайы депутатка таандык.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Жумалиев лицензия алуу үчүн билим берүү министрлигине «кысым көрсөткөн». Депутатты дароо Биринчи май райсотуна алып келишип, сот аны тергөө абагына эки айга камакка алууну чечкен.

УКМК маалымдагандай, мындан тышкары Жумалиев, ага байланыштуу адамдар жана чарба субъектилери «мыйзамсыз» байышкан, кылмыштуу кирешелерди адалдаштырган жана ири өлчөмдөгү салыктардан качышкан.

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы депутатка, анын жакындарына жана байланышы бар адамдарга тиешелүү 78 кыймылсыз мүлк объектилери жана түрдүү компаниялар аныкталганын белгилеген.

Анын ичинде «Таатан» жана «Гоин» соода борборлору, билим берүү жана медициналык мекемелер, мейманканалар, кен чыккан жерлер, телерадиокомпания жана темир комбинаты бар.

Андыктан Жумалиев Жазык кодексинин 319-беренеси боюнча «Коррупцияга» шектелүүдө.