Кара-Сууда медреседен өрт чыкты, жабыркагандар жок

Сүрөт: ӨКМ

Кара-Суу районундагы Анжиан айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан медреседен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өрт 27-мартта кечки саат 22:00дөр чамасында башталган. Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы төрт бөлүм тартылып, ал саат 23:07де чектөөгө алынган. Ал эми саат 00:02де толугу менен өчүрүлгөн.

Анын кесепетинен медресенин эки кабаттуу окуу корпусунун шыбы жана 156 чарчы метр чатыры толугу менен күйүп кеткен. Жабыркагандар жок.

Буга чейин, 3-март күнү, аталган райондун Маданият айылындагы №42 мектебинде өрт чыккан. Анын кесепетинен мектептин 262 чарчы метр чатыры жана 212 чарчы метр ички жасалгасы күйүп кеткен — бул эки класс жана коридор болгон.

Анда мектептин директору Нуржамал Раманова өрт учурунда эч ким жабыркабаганын айтып, бирок өрт өчүрүү кызматы 27 мүнөткө кеч келгенин билдирген болчу.

«Күйгөн класстарды 1-апрелге чейин калыбына келтиргенге аракет кылып жатабыз. Негизи класстарды сактап калмакпыз. Өрт өчүрүү кызматы 27 мүнөт кечигип келди. Анда да үч унаанын экөө толук суу менен келген эмес окшойт. Алар кайра барып суу толтуруп келгиче, өрт экинчи класска өтүп кетти», — деген ал.

«Өрт өчүрүүчүлөр кеч келди». Кара-Сууда мектеп өрттөндү, жабыркагандар жок