Жалал-Абадда 43 жаштагы аялды зордуктоого шектелип Сузактын тургуну кармалды

Шектүү. Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБи

Жалал-Абад шаарында 26-март күнү 43 жаштагы аялды зордуктоого шектелип Сузак районунун тургуну кармалды. Ал эми Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну күбө катары сурак берүүдө.

Жалал-Абад ОИИБге ошол эле күнү саат 12:30 чамасында эки киши аялдын үйүнө бастырып кирип, бири аны эркине каршы зордуктаганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ошондой эле миздүү белгисиз буюм менен аялдын башына уруп, денесине жаракат келтирилгени кабарланган.

Жабырлануучу ооруканага кайрылып, биринчи жардам алган соң милицияга арыз жазган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын бөгөт коюу чарасы бүгүн, 29-мартта, каралмакчы.

Аталган факты Жалал-Абад ШИИБинде «Зордуктоо» беренеси менен катталып, соттук-медициналык жана соттук биологиялык экспертизалар дайындалды.

Буга чейин 2020-жылдын апрель айында аталган облустун Кара-Көл шаарында белгисиз киши 57 жаштагы аялдын үйүнө бастырып кирип, зордуктап кеткен.

Ал жабырлануучуга өз жоругун «Сенин уулуң менин кызымды зордуктаптыр, мен сенден өч алам» деп түшүндүргөн. Окуядан соң аял милицияга арыз жазып, анын иши сотко жеткен. Кара-Көл шаардык соту шектүүнүн жабырлануучуга айткан сөзүн «шылтоо» деп белгилеген.

Бирок соттук териштирүүдө жабырлануучу аял тосмо арыз берип, киши менен «жарашып алгандыгын» билдирген. Буга байланыштуу сот 12-майда айыпталуучуну жоопкерчиликтен бошотуп, иш өндүрүштөн кыскарган.

Көп өтпөй жабырлануучу юристтер менен кеңешип, укугу бузулганын, зордукчуга карата «жеңил өкүм» чыгып калганын түшүнгөнүн айткан. Мындан улам анын иши кайра каралмай болгон.

«Уулуң кызымды зордуктады». Жалал-Абадда зордукталган аялдын иши сотто кайра каралат