Өлкөдө той-аш өткөрүүгө чектөө киргизилет — Саламаттык сактоо министрлиги

Той-аштарды өткөрүүгө чектөө киргизилет. Бул тууралуу 31-мартта «Биринчи Радионун» эфиринде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

«Чечим чыкты, аны бүгүн кечинде же эртең жарыялайбыз», — деди ал.

Анын айтымында, чектөөчү чаралар Бишкек жана Чүй облустарында, андан тышкары, Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда киргизилет.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, дал ушул облустарда коронавирус менен ооругандардын саны өсүп жатат. Буга чейин биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков азырынча өлкөдө чектөө чаралары киргизилбесин, бирок коомдук жайларда санитардык коопсуздук чаралары күчөтүлөрүн билдирген.

Марттын аягында Кыргызстанда эпидемиологиялык абал начарлай баштаган. Коңшу өлкөлөрдө чектөөлөр киргизилген. Европада COVID-19 илдетинин көбөйүшү коронавирус пандемиясынын үчүнчү толкуну деп белгиленди.