Аманкулов мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 50 млн сом төлөдү — УКМК

Депутаттык ыйгарымдары токтотулган Марат Аманкулов мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу максатында УКМКнын атайын эсебине 50 млн сом төлөдү. Бул тууралуу 1-апрелде коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, бул чыгымдын бир бөлүгү гана — жалпы сумма азырынча тактала элек.

«Марат Аманкулов депутаттыкка шайлангандан кийин мыйзамсыз баюуга жана тиешелүү салык төлөмдөрүнөн качууга айыпталууда. Марат Аманкуловдун туугандары жана айланасындагы жакын мамилелеш адамдары тарабынан кымбат баалуу кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк сатылып алынган. Мүлктөрдүн баасы алардын расмий кирешесинен көп эсе ашып түшөт», — деп эскертишкен ведомстводон.

2020-жылдын октябрь айындагы парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясынын өкүлү болгон Аманкуловго карата сотко чейинки өндүрүш башталганы тууралуу 19-мартта белгилүү болгон.

УКМКнын версиясы боюнча, Аманкулов саясаттагы ишмердиги учурунда «расмий кирешелеринен бир нече эсе жогору кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө ээ болгон

Тергөөнүн версиясы боюнча, депутат байлыктарын жашыруу үчүн мүлктөрүнүн бардыгын расмий тастыкталган киришеси жок туугандарына жана өзү менен байланыштуу адамдарга каттаткан. Анын байлыгы 1,5 млрд сом деп бааланган.

Марат Аманкулов тууралуу эмне белгилүү?

Марат Аманкулов өткөн парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясынын төрагасы болгон. Партияны экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков менен байланыштырышкан. Асылбек Жээнбеков да жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоого «Биримдиктин» катарында аттанган.

Марат Аманкулов 2019-жылы Москвада Орусия менен Кыргызстандын кайчылаш жылына арналган иш-чарада айткан сөздөрү коомчулукта катуу талкуу жараткан.

Видеодо «Евразиячылык — партиябыздын идеологиясы. Биз ошол жакка умтулабыз. 30 жылдык көз карандысыздыгыбыз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү», — деп айткан Аманкулов.

Аманкуловдун бул сөзүнөн кийин, Бишкекте көз карандысыздык үчүн митинг өткөрүлгөн. Ошондой эле, депутаттын үстүнөн Боршайкомго арыз берилип, аны шайлоого катыштырбоо талабы коюлган. Бирок БШК мүчөлөрү Аманкуловду шайлоого катыша берсин деген чечим чыгарышкан.

Аманкулов өзү видеону «провокация» деп атап, анын сөзү контексттен кыркылып алынганын билдирген.

Аманкулов «Биримдиктин» төрагалыгынан 2020-жылдын декабрь айында кеткен. Анда ал эч бир партиянын курамына кирүү планы жок экенин айткан. Бирок КСДП партиясынын курамынан чыккан эмес.

УКМК тарабынан кылмыш куугунтугу башталганда Марат Аманкулов ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү тууралуу арыз жазган. Ал эми БШК арызды канааттандырган.