Журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты Василий Дашков кызматтан алынды

Василий Дашков

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси Василий Дашков ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбека Марипов 25-мартта кол койгон.

«Азаттык» басылмасы маалымдагандай, Дашковдун кызматтан алынышынын себеби азырынча айтыла элек. Ошондой эле, өкмөт «Кыргыз темир жолу» ишканасына жаңы жетекчи дайындалганы тууралуу да үн ката элек.

Василий Дашков

Василий Дашков — Темир жол тармагына 2006-жылы келген. 2020-жылдын январына чейин «Кыргыз темир жолу» ишканасынын көпүрө куруу менен алектенген «Көпүрөчүлөр отрядын» башкарып келген. Андан соң аталган ишкананын жетекчисинин орун басарлыгына дайындалган.

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов жана фактчекер Болот Темиров «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси Василий Дашковго таандык фирмалар ал жетектеген ишкананын тендерлерин утуп, млндогон киреше тапканын иликтеп чыгышкан. «Темир жолду миллиондоп сааган Дашков» деп аталган иликтөө 18-февралда Токтакуновдун Ютуб каналына жарыяланган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Дашковго байланышы бар үч фирма «Кыргыз темир жолунан» эки жылда эле 176 млн сомдук тендер утуп алганы ашкереленген.

Токтакунов Дашковго таандык фирмалар тууралуу маалыматтарды ачык булактардан алган. Ага бир топ фирмалар катталып, бирок кийинчерек айрым компаниялардын негиздөөчүлөрүнүн катарынан чыгып кеткени аныкталган.

Тема боюнча:

«176 млн сомдук тендер». Темир жолдун жетекчиси кантип мамлекеттик ишкананы «тоногон»?