Аксыда көз жарган кыз окуган мектептин директору жумуштан бошотулду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 14 жаштагы төрөгөн кыз окуган мектептин директору жумуштан бошотулду. Бул тууралуу «Клоопко» Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Талант Эмилбек уулу билдирди.

Анын айтымында, 1-апрелде мектеп жамааты менен атайын жыйын өткөрүлүп, директорго, анын орун басарына, окуу бөлүмүнүн башчысына жана соцпедагогго сөгүш жарыяланган.

«Бирок бүгүн сөгүш жарыяланган төрт кызматкер “мектепте иштөөгө моралдык укугубуз жок” деп, жумуштан бошотуп коюу тууралуу арыз жазып келишиптир. Директордун орун басарына жана окуу бөлүмүнүн башчысына арызды кайтарып бердим. Директор бошотулду, ал эми соцпедагогдун арызын учурда карап жатам», — деп билдирди Эмилбек уулу.

Анын айтымында, мектепте окуу кадимкидей эле жүрүп жаткан. Бирок мугалимдер да, жетекчилик да өспүрүмдүн боюнда болгонун байкаган эмес.

Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан аталган факт Аксы РИИБи тарабынан териштирилип жатканын, азырынча жакшы жете элек кыз менен сексуалдык катнашка барган киши табыла элек дешти.

«Азырынча төрөгөн кыз “эч ким менен мамиледе болгон эмесмин” деп жатат. Териштирүү иштери улантылат, кошумча маалымат берилет», — дешти милициядан.

Мындан бир күн мурун милицияга Аксы аймактык ооруканасынан 2007-жылкы кыз көз жарганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган окуя КЖБРге «16 жашка чыга элек өспүрүм менен жыныстык катнашта болуу» беренеси менен катталган.

Тема боюнча:

Аксы районунда 7-класстын окуучусу көз жарды, милиция тергөө иштерин баштады