БШКнын төрайымы Ош прокуратурасы мыйзам бузууларга чара көрбөй жатканын айтты

Нуржан Шайлдабекова

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 30-мартта Ош шаарындагы укук коргоо органдары шайлоого байланыштуу мыйзам бузуулар боюнча фактыларды текшербей жатканына нааразы болду.

Шайлдабекова айрыкча Ош шаардык прокуратура айрым талапкерлерге «басым» болгон фактыларга көңүл бурбай жатканын белгилеген. БШКнын төрайымынын айтымында, Ош шаардык кеңешке беш талапкер шайлоого байланыштуу кызматтарынан алынган.

*Бул жерде Ош шаардык кеңешке аттанган «Улуттар биримдиги» партиясынын талапкерлери тууралуу сөз болуп жатат.

Ал эми Ош шаардык прокуратурасы бул боюнча түшүндүрмө берип, көзөмөл органы «аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн ар бир арыз жана материалга тез арада жана объективдүү чара көрүлүп жаткандыгын» маалымдады.

Прокуратуранын билдирүүсүнө ылайык, аталган кызматкерлер талапкер болуп катталганга чейин эле «өз каалоосу менен кызматтан» кеткен. Ошондой эле прокуратура талапкерлерге карата Ош шаардык мэриясынын администрациясы тарабынан кысым көрсөтүлгөнү аныкталбаганын кошумчалады.

Мындан сырткары Оштун прокуратурасы аймактык шайлоо комиссиясынан 11 кайрылуу түшкөнүн кабарлап, эки факт боюнча «Добуштарды сатып алуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылганын билдирди. Дагы бир иш Оштун милициясына жиберилип, калган сегиз иш «кылмыштын курамы жок болгондуктан» кыскартылган.

«Андыктан [...] БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тарабынан маалыматтын туура эмес билдиргенин жана шайлоо процессиндеги укук коргоо органдары тарабынан аткарылып жаткан жумушу тууралуу коомчулукта терс ой жаратарын белгилейбиз», — деп билдиришти прокуратурадан.

Шайлдабекова кайсы беш кызматкер тууралуу айтып жатат?

Буга чейин БШКнын ыкчам чара көрүүчү тобуна «Улуттар биримдиги» партиясынын төрт талапкерлери жана штаб башчысы кайрылып, жергиликтүү бийлик тарабынан басымга кабылганына даттанышкан.

Алгач арыз менен Ош шаарынын мамлекеттик каттоо кызматынын техникалык коопсуздук боюнча мурдагы адиси Иличбек Таиржан уулу кайрылган. Таиржан уулу мамлекеттик каттоо кызматынын Оштогу башкармалыгынын башчысы Ильяз Сансызбаев анын шайлоого «Улуттар биримдиги» менен катышканын билип, кызматтан алып салганын кабарлаган.

Кийинчерээк дагы эки талапкер Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын башчысы Жалил Осмонов тарабынан кысымга кабылып, кызматтан кетишкенин кабарлашкан. Алар: «Керме Тоо-3» жергиликтүү кеңешинин мурдагы төрайымы Нурила Самиева жана «Манас ата» МТУсунун мурдагы жетекчиси Азизбек Жээнбеков.

Мындай арыз менен №4 кварталдык комитетинин төрагасы Хасан Ахмедов да кайрылып, «Туран» МТУнун төрагасы Равшан Мирзабаев аны кызматтан кетүүгө мажбурлаганына даттанган.

Ошондой эле БШКга «Курманжан Датка» МТУнун кварталдык комитетинин мурдагы төрагасы Т. Рахманбердиев кайрылган — ал «Улуттар биримдиги» штабынын жетекчиси. Рахманбердиевдин айтымында, ал бул партияга иштегени үчүн №6 МТУнун башчысы В. Фаизова аны кызматтан кетүүгө аргасыз кылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Тажадык!» Ошто беш партия «Ата-Журт Кыргызстанды» админресурс колдонууга айыптады