Коронавируска каршы эмдөө орозо тутууну бузбайт — Муфтият

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Орозо айы учурунда ооз бек учурунда деле коронавируска каршы эмделсе болоорун билдирди. Муфтияттагылар бул орозону бузбасын, бирок вакцинанын сапаты үчүн жооп бере алышпасын белгилешти.

«Ар бир адам вакцинациядан өтөр-өтпөсүн, вакцинанын кайсы түрүн тандай турганын өзү чечет. Биз вакциналарды текшерүү үчүн жооп берген мекеме эмеспиз, ошондуктан тиги же бу вакцинанын курамы жарайт же жарабайт деп айта албайбыз» - деп Kaktus.media редакциясына Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн өкүлү Бактияр Токтогазиев билдирди.

Буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы коронавирус менен ооругандар саламаттыгы мүмкүндүк бербей жатса орозо кармабай эле койсо болоорун билдирген.

Алдын ала маалыматка ылайык, 2021-жылы Орозо айы 13-14-апрелде башталат.

Орозо айы — мусулмандар орозо туткан ыйык ай. Орозо тутуу Ислам дининде айтылган, ар бир мусулман аткарууга тийиш болгон беш парздын бири*.

*Психикалык жактан жабыркагандар, жаш балдар, ооруп жаткандар, кары-картаңдар, саякатчылар, кош бойлуулар жана бала эмизген аялдар орозодон бошотулат.

Ооз бекиткендер күндүз тамак аштан, суу жана башка ичимдиктерден, чылым чегүүдөн жана жыныстык жакындашуудан баш тартат. Орозо таң эрте башталып (таңкы азандан кийин) күн батканда (кечки азандан соң) бүтөт.

Кыргызстандагы эмдөө

Өлкөдө эмдөө 29-мартта башталды. Эмдөө үчүн кытайдын SinoPharm вакцианасы колдонулууда. Кыргызстанга 19-мартта бул вакцинанын 150 миң дозасы алынып келинген, ал 75 миң адамга жетет, себеп дегенде препарат 25-28 күн ичинде эки жолу сайылат.

Өлкөдө эмдөө үч этап менен өтүп, баштапкы этабы Бишкек, Ош жана Чүй облусунда башталды.

Биринчи этапта медицина, билим берүү, укук коргоо жана күч орган кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүү пландалууда. Экинчи этапта вакцина өнөкөт оорулары бар адамдарга, калктын социалдык аялуу катмарына, андан тышкары, 60 жаштан улуу адамдарга сайылат.

Жарандардын калган бөлүгүн эмдөө үчүнчү этапта жүргүзүлөт.