Ош ОИИБдин ардагерлер кеңешинин төрагасы дүйнө салды

Маркум Токтосун Боркошов

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Токтосун Боркошов каза болду. Ал 66 жашта болчу.

«Токтосун Толубаевич өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн кылмышуулук менен күрөшүүгө, коомдук коопуздукту сактоого арнады. Ал ардагерлер кеңешин жетектеген жылдары ИИМдин сынактарында Ош ОИИБдин ардагерлер кеӊеши алдыӊкы орундарды багындырып келди», — деп эскерди Ош ОИИБдин жамааты.

Боркошов ички иштер органдарында 25 жыл эмгектенген. 1981-жылы Кара-Суу райондук аткаруу комитетинин ички иштер бөлүмүнүн социалдык менчиктеги уурулук менен күрөшүү бөлүмчөсүнүн жетектеген. Андан кийин Сузак районуна которулуп, 1989-жылдан тарта Ош облусунда эмгектенген.

1991-жылы Ош ОИИБдин экономикалык кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүнүн айыл-чарба тармагындагы кылмыштар менен күрөшүү бөлүмчөсүнүн начальниги кызматын аркалаган. 2006-жылы ички иштер органдарынын катарынан жаш курагы боюнча бошотулуп, кийинчерек Ош ОИИБдин кадрлар бөлүмүнүн улук инспектору жана ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп эмгектенген.