«30 жылдан бери тоношууда!». Ырчы Примбердиев соцкөйгөйлөр тууралуу клип чыгарды

Ырчы Кайрат Примбердиев «Кайдыгер караба» деген ыр жаздрып, өлкөдө болуп өткөн окуялар тууралуу клип чыгарды.

Клиптин баяндамасына ырчы «30 жылдан бери бийлик өкүлдөрү эл ырыскысын тоноп, жеп гана келе жатышат! Ошого нааразы болгондон жазылган ыр» деп жазган.

Клип:

Примбердиев чыгармасында «элдин тагдырына кайдыгер карабоого» үндөп, «топтогон байлык менен бийликти аркы дүйнөгө ала кете албайсың» деп белгилейт.

Клиптен таштанды полигонунун, ыктыярчылардын жана октябрь окуясында тартылган кадрларды, ал эми башкы каармандан 6-октябрь күнү каза тапкан 19 жаштагы Үмүтбектин сүрөтү түшүрүлгөн футболканы көрүүгө болот. Клиптин сюжетине көз чаптырсак, Примбердиевдин каарманы караңгы бөлмөдө колу байланып отурган башкы каарманды куткарат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ырчы Чолпон Талипбек аялдардын зомбулугуна каршы «Барба» деген ыр жаздырып, клип тартты