Акыркы суткада коронавирустун жаңы 139 учуру катталды, бир бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 5-апрелде коронавирустун жаңы 139 учуру катталгандыгын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 123;

Чүй облусунда — 9;

Ысык-Көл облусунда — 3;

Жалал-Абад облусунда — 3;

Нарын облусунда — 1.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 89 153кө жетти. 

Ал эми акыркы суткада 107 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 77, Чүй облусунда — 26, Ош шаарында — 1 жана Ысык-Көл облусунда — үч бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 85 271 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 648 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 115 киши оор, 34 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 774 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 4 380.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында COVID-19ду жуктуруп бир бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 507 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарында эмгектенген үч медик коронавируска чалдыкканы маалымдалды. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 269га жетти, анын ичинен 4 206 медкызматкер илдеттен айыкты.