Жапаровдун шайлоо штабын жетектеген Тургунбеков финчалгындоого кайра жетекчи болду

Канатбек Тургунбеков

Канатбек Тургунбеков финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына кайра жетекчи болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгонун Экономика жана финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тургунбеков бул кызматка быйыл февраль айынын ортосунда дайындалган болчу.

Тургунбеков президенттик шайлоодо талапкер Садыр Жапаровдун штабын жетектеген. Ага чейин 2020-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиясынын штабын башкарган.

Канатбек Тургунбеков ким?

Канатбек Тургунбеков 1970-жылы 25-майда Нарын облусунун Нарын районундагы Чет-Нура айылында туулган. Билими боюнча зооинженер жана юрист-укук таануучу.

Эмгек жолун Бишкектеги Свердлов РИИБинде ыкчам кызматкер болуп баштаган. Андан сырткары ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгында иштеген.

Кийин финансы полициясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болгон. Андан сырткары аталган эле мекеменин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгын жетектеген.

Коррупцияны алдын алуу агенттигинин башчысынын орун басары, «Альфа Телеком» ЖАКтын коопсуздук маселелери боюнча директору, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жетекчисинин орун басары кызматтарын аркалаган.

Финансы полициясынын полковниги, I класстагы мамлекеттик кеңешчи наамы бар.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, төрт баланын атасы.