Бишкекте 5-апрелдин таңында бейтааныш адамдар ала качкан кыздын дайыны белгисиз

5-апрель күнү, таңкы саат 7:00дө Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде 1994-жылы туулган кызды ала качып кетишкен. Биринчи май райондук ИИБден «Клоопко» билдиришкендей, ушул тапта кыз жана аны уурдагандар изделүүдө.

Милициянын маалыматы боюнча, саат 7:30да 102 номерине кабар түшкөн. Милиционерлер чакыруу жерине барганда, үч белгисиз киши К.А. жаранын «Хонда» маркасындагы автоунаага отургузуп, белгисиз багытта кетип калышканын аныкташкан.

Аталган факт Биринчи май РИИБде КЖБРге катталып, «Адамды никеге тургузуу максаты менен уурдоо» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

*«Адамды никеге тургузуу максаты менен уурдоо» беренеси боюнча адамды уурдагандар 5 жылдан 7 жылга чейин эркиндигинен ажырашы мүмкүн.

«Азыркы убакта кыздын жана белгисиз адамдардын кайда жүргөнүн аныктоо үчүн издөө жана ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат», — деп белгилешти милициядан.

Кызды ала качуу видео-байкоо камераларына жазылып калган. Видеодо кыздын жанына бир киши келип, аны күчкө салып автоунаа жакка жетелеп кеткени көрүнүп турат. Кийинчерээк кыздын жанына дагы эки киши келип, кызды күчкө салып мала кызыл түстөгү автоунаага отургузушкан. Ушул эле автоунаага эки киши отуруп, ал эми үчүнчүсү таксиге (унаанын үстүндө таксинин белгиси бар) түшүп кеткен.

«Акыркы жолу карындашым болжол менен кечки 18:00дө байланышка чыккан. Баары жайында деп айткан, бирок телефонун тартып алышканы угулуп жаткан. Аны күч колдонуп салып кеткен автоунаа Сосновка айылындагы байкоочу камерага түшүп калган, бирок кийин изин таптырбай кеткен», — деп айтып берген жоголгон кыздын агасы 24. kg басылмасына.

Кыздын туугандары аны өлкөнүн түштүк тарабына алып кетишкен болушу мүмкүн дешет. Алардын айтымында, ала качкандардын бирөөсү көп эле жолу кыздын «тынчын алып» жүргөн.

«Карындашымды ала качкан кишинин акыл-эси жайында эмес. Ал 30 жаштан ашкан. Канча жолу айттык, карындашымды жайына кой деп. Ал кыз атасыз өскөн. Апасы милицияга арыз жазды, бирок аны издөөгө албай жатышат. Апасы азыр кызынан санаасы тынчыбай жатат», — деп белгилеген тууганы.

Кыргызстанда кыз ала качуу

Жазык кодексинде адамды мажбурлап никеге тургузуу үчүн 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Жашы жете электерди ала качкандар 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, 200 миң сом айып төлөшү керек.

Бирок өлкөдө кыздарды үйлөнүш үчүн ала качып, ал эми кыздар баш тарткан учурда аларды аңдып, кол салуу менен коркутушкан учурлар токтобой келет. Статистика боюнча Кыргызстандагы ар бир 17-кызды эркине каршы ала качып кетишкен.

Ала качууга дуушар болгон кыз-келиндер көп учурда үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чегип, өздөрүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, укуктары тепселенет.

Коомдун эң эле резонанс жараткан чуулуу окуя — бул 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызынын киши колдуу болушу. Аны 2018-жылы бир эле киши эки жолу ала качып кеткен. Экинчи жолкусунда эркек кишини милиция кармап, РИИБге камакка алган. Ал жактан кызды өлтүрүп салган.

Биринчи ала качуу 2018-жылы 4-майда болгон, бирок анда Бурулайды үйүнө жеткирип беришкен, ал эми кыздын үй-бүлөсү милицияга арыз жазган эмес.

Бирок ала качкан жигит экинчи жолу да кылмышка барган. Ошол айдын аягында кызды кайрадан үйүнүн тушунан ала качып кеткен. Бирок милиция уурдагандарды колго түшүргөн. Милиция бөлүмүндө Бурулай менен кылмышка шектүүнү бир бөлмөгө калтырып коюшкан, андан соң ал Бурулайга кол салып, жабырлануучу бычак жеп кайтыш болгон.

Свердлов райондук соту аны 20 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесип, маркумдун үй-бүлөсүнө 800 миң сом компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген. Ал эми кыздын киши колдуу болушуна жол берген милиция кызматкерлерине санкциялар колдонулган. Бирок республикада кыз-келиндерди мурдагыдай эле ала качып, никеге турууга мажбурлашат, ал эми жарнама берүүчүлөр, сериал тарткандар жана айрым поп-жылдыздар бул кылмышты ачык эле пропагандалап келишет.