Эл аралык издөөдө жүргөн беш кыргызстандык Орусиядан кармалды

Кармалган шектүүлөр

ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү биргелешкен иштердин натыйжасында эл аралык издөөдөгү беш адамды кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Быйыл март айында ИИМдин өкүлчүлүгү Орусиянын укук коргоо органдары менен биргеликте эл аралык издөөгө алынып, Москва шаарында жашырынып жүргөндөрдү аныктаган.

Биргеликте жүргүзүлгөн кармоо иш-аракеттеринин жыйынтыгында Талас, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облусунда туулган жарандар колго түшкөн. Алардын экөөсү алдамчылык, дагы экөөсү бейбаштык, бирөө зордуктоо боюнча айыпталып, издөөдө жүргөн. 

Кармалгандардын бардыгы Орусияда кармоочу жайларга киргизилип, учурда экстрадиция кылуу иштери каралууда.

ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү ошол аймактагы эл аралык издөөдөгү дагы башка кылмышкерлерди аныктоо иштерин улантылып жатканы билдирүүдө айтылат.

ТЕМА БОЮНЧА
Нарында эл аралык издөөдө жүргөн Орусиянын жараны кармалды