Изилдөө: КРде сурамжылоого катышкандардын 55%ы коронавируска каршы эмделгиси келет

Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) менен биргеликте изилдөө жүргүздү. Анда Кыргызстандын калкынын 55%ы коронавируска каршы вакцина алууга чындап даяр экенин же кандайдыр бир деңгээлде вакцина алууга каалоосу бар экенин билдиришкен.

Аталган изилдөө 2020-жылдын декабрь айынан 2021-жылдын февраль айына чейин үч толкун менен жүргүзүлгөн.

Министрликтин маалыматында, сурамжылоо компьютер жана телефон менен атайын жасалган программа аркылуу чогултулган. Анын жүрүшүндө Кыргызстандын жети облусунан жана эки негизги шаары – Бишкек жана Оштон маалымат топтоонун ар бир этабында 1000 адамга сурамжылоо жүргүзүлгөн.

Министрлик коронавируска каршы эмдөөнү эл колдобой жатканына тынчыздануусун билдирип, вакцина тууралуу коомчулукка көбүрөөк маалымат берүү керектигин белгиледи.

Сурамжылоого катышкандардын 52%ы вакцина тууралуу жакшы маалыматыбыз бар деп эсептешет. Ал эми 54%ы вакцина боюнча сунуштарды түшүнүү менен кабыл алышат. 40%ы вакцина тууралуу маалыматтардын тактыгын баалоо өтө татаал маселе болуп калганын билдиришкен.

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталган. Биринчи этапта элге Кытайдын SinoPharm вакцинасы сайыла баштаган. Аны алгачкылардын болуп саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев сайдырган. Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги өлкөгө бул вакцинанын 150 миң дозасы акысыз келгенин билдирген.

Вакцинанын бул көлөмү 75 миң кишиге жетиши керек, анткени бул препарат аралыгы 25-28 күн ичинде эки жолу сайылат.

Биринчи этапта медицина, билим берүү, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн эмдөө пландалууда. Экинчи этапта вакцина өнөкөт оорулары бар адамдарга, калктын социалык аялуу катмарына, андан тышкары, 60 жаштан улуу адамдарга сайылат. Жарандардын калган бөлүгүн эмдөө үчүнчү этапта жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө киши 644 эмдөөдөн өттү.