Парламенттин комитети Ысык-Көлдө кумар ойноо зонасын куруу мыйзам долбоорун жактырды

Иллюстративдик сүрөт

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 6-апрелдеги жыйынында Ысык-Көл облусунун аймагында кумар оюндарына уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоору жактырылды. Ал парламентке биринчи окууда кароого жөнөтүлдү.

Долбоорду депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастан Жумабеков демилгелеген. Ага ылайык, Ысык-Көлдөгү «Тамчы» аэропортунун аймагына кумар ойноо зонасы курулат.

Ал 1200 гектар жерди ээлеп, зонага бир гана чет элдик жарандар кире алат — авторлор муну менен жумушчу орундар түзүлүп, казынага каражат түшөт деген пикирде.

Ошондой эле демилгечилер кумар ойноо борборун курууга мамлекет тарабынан каражат сарпталбайт деп ишендиришти. Алар долбоорду инвесторлор ишке ашырып, андан түшкөн пайданын 40%ы салык катары алынаарын айтышат.

Аталган мыйзам долбоору 25-январда Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууго коюлган. Бирок коомчулукта ачык талкууланган эмес.

2019-жылдын сентябрында мындай долбоорду депутат Дастан Бекешев көтөрүп чыккан. Ал «Манас» авиабазасынын ордуна «жергиликтүү Лас-Вегас» салууну сунуштаган. Аталган аймакта 2014-жылга чейин АКШнын авиабазасы жайгашкан болчу.

Кыргызстанда 2012-жылдан баштап кумар оюндарына тыюу салынып, казинолор жабылган. Ал эми 2015-жылы – тотализаторлор менен букмекердик контораларына дагы чектөө кирген. Буга кумарканаларга акчасын уттурган жарандардын жакындарынын нааразылыгы жана кумар оюндарына берилген жаштардын саны көбөйгөнү себеп болгон.

Мыйзамдан долбоору жөнүндө кененирээк төмөндөгү материалдан окуңуз:

«Ысык-Көлдүн Лас-Вегасы». Депутаттар облуста кумаркана ачууну сунуштады