Жол эрежесин бузуу. Эки берененин айып пулу эки жумада төлөнсө 70%га арзандайт

Иллюстративдик сүрөт

Өкмөттүн жол эрежесин бузгандардын штрафын азайтуу демилгесине ылайык эки берене боюнча айып пулдун өлчөмү азайтылат.

Бул тууралуу Бишкек шаардык жол көзөмөл башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев «Азаттык» үналгысына билдирди.

Айып пулдун өлчөмүн түшүрүү Бузуулар кодексиндеги «Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашуусу» (белгиленген ылдамдыктан 10 км/сааттан көп, бирок 20 км/сааттан көп эмес ашуусу) жана «Жол белгилеринин талаптарын аткарбоо» беренелери боюнча каралган.

Аталган беренелер боюнча эреже бузган айдоочуга 1000 сомго чейин штраф салынчу. Белгиленген сумманын өлчөмү өзгөрбөйт, бирок өкмөттүн демилгеси боюнча айдоочу 15 күндүн ичинде төлөсө, 70%га арзандатуу каралган.

Буга чейин депутат Марлен Маматалиев «Коопсуз шаар» долбоору боюнча айып пулдун өлчөмүн азайтууну сунуштаган. Ал штрафтын суммасын мас абалда айдагандар үчүн эмес, «башка категориялар» үчүн азайтуу керектигин айткан.

Ал эми апрелдин башында премьер-министр Улукбек Марипов түз эфир учурунда жол эрежесин бузгандарга айып пулдун көлөмүн азайтуу үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү пландап жатканын айткан. Ошондой эле, ал жакын арада өкмөт «бюджетти толтуруу үчүн» автоунаалардын айнегин караңгылатуу тууралуу мыйзам долбоорун парламентке сунуштай турганын билдирген.

2019-жылдын 4-мартынан тартып Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөй турган «Коопсуз шаар» долбоору иштеп баштаган. Бирок система ишке киргенден кийин айдоочулар айып пулдун өлчөмүнө нааразы болушкан. Мындан улам 2019-жылдын декабрь айында парламент жол эрежесин бузуунун сегиз түрүнө айып пулдун көлөмүн азайткан.

2021-жылдын март айына карата алынган маалыматка ылайык, жол эрежесин бузуулар үчүн айыптын көлөмү категориясына жараша миң сомдон 55 миң сомго чейин жетет.