«Дагы канча өлүм керек?» Оштун активисттери милициянын ишин сындады

Ош шаары, 8-апрель. Айзада Канатбекованын урматына өткөрүлгөн митинг. Сүрөт: Нуризат Мирланбек кызы/Kloop.kg

Ошто 8-апрель күнү ШИИБдин имаратынын алдында зомбулукка каршы митинг өттү. Ал 5-апрелде уурдалып киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын урматына арналды.

20дан ашуун жарандык активист мекеменин жетекчиси чыгып, зомбулуктун алдын алуу боюнча кандай иштер жасалганы тууралуу маалымат беришин талап кылышты. Митингде «Алдын алуу керек, качан баштайбыз?!», «милиция жоопкерчилигиңди ал!», «ала качуу салт эмес, кылмыш», «дагы канча өлүм керек?», «дагы канча чыдайбыз?» деген лозунгдар жаңырды.

«Жетекчи чыксын, сүйлөшөбүз. Ал чыкмайынча кетпейбиз! ШИИБдин башчысын жаңы дайындалгандан бери такыр көрө элекпиз. Чыгып, бизге зомбулукка каршы кандай чаралар көрүлүп жатканын айтып берсин! Эгер азыр чыкпаса демек такыр иш жүргүзүшпөйт экен», — деди «Интербилим» эл аралык борборунун Оштогу жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева.

«Милиция аялдарды коргогон жок»

Сүрөт: Нуризат Мирланбек кызы/Kloop.kg

Ал эми аялдардын укуктарын коргоп келген адвокат Мухаё Абдураупова 2020-жылы Ош шаарында ала качуу боюнча 340 иш катталганын, анын 26сы гана сотко өтүп, бирөөсү кыскартылганын билдирди. Абдураупова «калган иштер каякта калды» деп суроо салды.

«Демек милиция аялдарды коргогон жок. Эркектер болсо “жазасыз калабыз” деп ойлоп жүрүшөт да. Биз эркектер жазасыз калбашын талап кылабыз! Иш башынан жакшы тергелсе балким [ушундай] трагедия болбойт», — деди ал.

Мындан сырткары, адвокат көп учурда милиционерлер зомбулук болгондо «аялдардын арызын албай, кайрадан аларды арыз жазуудан баш тарттырат» дейт. Ал эгер тергөө органдарында аялдар иштесе, зомбулук боюнча иштер «жакшы тергелмек» деген пикирде.

«Аялдар барса алардын өздөрүн күнөөлөп, "тилиңиз узун экен, балаңыз бар экен" дешет. Башка бөлүмдөргө жөнөтүшөт [...] Аялдын акчасы жок, үйүнөн качып чыккан болсо кантип ары-бери барат. Аялдар корголбой келет!» — деп нараазы болду ал.

Дизайнер Нурбек Насыранбековдун Айзаданын уурдалышына милициянын реакциясы катары иллюстрациясы.

«Убагында өз пикирибизди айта албадык»

Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop.kg

Митингге катышкан коомдук ишмер Акылбек Ташбулатов Айзаданын өлүмүнө «ар бир жаран күнөөлүү» дейт. Ал «убагында өз пикирибизди айта албадык» деп кейиди.

«Кыздар 8-мартта зомбулукка каршы чыгып жатканда ар кандай себептерге байланыштуу биз кошулуп чыга албадык. Тилеке каршы ажолорубуз деле канча жылдан бери бул нерсеге көңүл бурбайт. Эркектер көп учурда ушундай зомбулукка жол берип калабыз», — деди ал.

Ал эми активист Акылай Каримова зомбулук фактылары көбөйүп жатканын, бийлик болсо буга «кайдыгер карап жатканына» нараазы болду.

«Милиция иштеп жатабыз дегени менен андан пайда чыккан жок. Иштер аягына чыкпай жатат. Ош ШИИБдин башчысы бул боюнча түшүндүрмө берсин деп талап кылып чыктык. Зордук-зомбулук кадимки эле көрүнүш болуп калды. Жарандык коом чыкпасак, эч нерсе оңолбойт», — деди Каримова.

Сүрөт: Нуризат Мирланбек кызы/Kloop.kg

«Профилактикалык иштер дайыма жүрөт»

Алгач топтолгондордун алдына Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков чыгып, митингчилердин суроосуна расмий өкүл катары жооп берерин айтты. Анткен менен митингчилер Сыдыков менен сүйлөшүүдөн баш тартышып, жетекчинин чыгуусун талап кылышты.

«Сиз басма сөз катчысыз, биз бир гана жетекчилик менен сүйлөшөбүз. Биз жоопторду сизден уккубуз келбейт. Кантип эле жетекчиликтен бир да киши жок?» — деди алардын бири Гүлгакы Мамасалиева.

Анда Сыдыков «укугу жетишинче жооп бергенге милдеттүү экенин» айтты. Ошондой эле Айзаданын өлумүнө кайдыгер эмес экенин билдирди.

«Бишкекте болгон окуяны Ош шаарынын ички иштер кызматкерлери да кабыргабыз кайышып уктук. Анткени биздин да карындаштарыбыз, кыздарыбыз бар. Эч кимибиз аял затынын ушундай күнгө туш болуп калышын каалабайбыз», — деди ал.

Чогулгандардын нараазычылыгы уланып, «жетекчи чыксын» деп кайрадан талап кылышты. Бир канча убакыттан кийин гана алардын алдына ШИИБдин биринчи орун басары Ашим Раимбердиев чыкты.

Анда ал митингчилердин суроолоруна жооп берип жатып зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар «ар дайым болуп турат» деп ишендирди.

«Ар жума сайын түшүндүрүү иштерин мектептерде жүргүзөбүз. Сиздер менен биргеликте иш алып барабыз. Ар бир адамдын коопсуздугун сактоо үчүн эки нөөмөт менен иштеп жатабыз», — деди ал.

Анткен менен митингдин катышуучулары Раимбердиевдин жоопторуна канааттанышкан жок.

Айзаданын өлүмү

Сүрөт: Нуризат Мирланбек кызы/Kloop.kg

Кечээ эки күн мурун уурдалган Айзада Канатбекованын сөөгү Аламүдүн районундагы талаадан табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, аны уурдоого шектелген киши менен кыздын ортосунда чыр чыккан. Анда шектүү Канатбекованы муунтуп, андан кийин өзүнө бычак сайып каза болгон.

Аламүдүн РИИБге 7-апрелде Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаа табылганын, анын ичинде аялдын жана эркектин сөөгү жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге милиционерлер барып Honda Civic үлгүсүндөгү унааны жана Канатбекова менен 30 жаштагы кишинин сөөгүн табышкан.

«Жергиликтүү койчу аталган унааны 5-6-апрелде байкаганын айтты, бирок баткакка тыгылып калган деп ойлоп көңүл бурган эмес. 7-апрелде унаага жакын барганда аялдын жана эркектин сөөгүн көрүп дароо милицияга кабар берген», — деп билдиришти Бишкек ШИИБден.

Бул коомчулукта резонанс жаратып, көпчүлүк ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун жана Бишкек ШИИБдин башчысы Бакыт Матмусаевдин отставкасын талап кылышууда.

«Жетишет!» — Бишкекте зордук-зомбулукка каршы митинг өттү

«Билети колунда болчу». Айзада шектүүдөн кутулуу үчүн Түркияга кетүүгө камынып жаткан

«Тергөөчү “сарсанаа болбогула, той жейсиңер” деп айткан». Айзаданын жакындары милицияга нааразы