Акыркы суткада коронавирустун жаңы 151 учуру катталды, каза болгондор жок

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Хамидулло Узаков / Kloop.kg

Республикалык штабдан 9-апрелде коронавирустун жаңы 151 учуру катталгандыгын маалымдашты. 

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 74;

Чүй облусунда — 47;

Ош шаарында — 6;

Жалал-Абад облусунда — 1;

Нарын облусунда — 7;

Ысык-Көл облусунда — 16.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 89 811ге жетти. 

Ал эми акыркы суткада 112 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 60, Чүй облусунда — 35, Нарын облусунда — 3, Жалал-Абад облусунда жана Ош шаарында — экиден, Ысык-Көл облусунда — он бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 85 719 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 766 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 169 киши оор, 28 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 849 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 5 059.

Ошондой эле, акыркы суткада төрт медиктен коронавирус аныкталды. Бишкек шаарынан — эки, Ош шаарынан жана Ысык-Көл облусунан — бирден медкызматкер коронавируска чалдыкты. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 298ге жетти, анын ичинен 4 223 медкызматкер илдеттен айыкты.