Ош ШИИБи: Добуш сатып алуу боюнча 8 маалымат териштирилип жатат

Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков 11-апрель саат 13:00гө карата милицияга шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча 9 маалымат келип түшкөнүн кабарлады.

Сыдыковдун айтымында, анын ичинен сегизи «добуштарды сатып алуу», ал эми бирөө «ээнбаштык» беренеси менен КЖБРге катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат.

«Ош ШИИБИде Ош шаарындагы шайлоо өнөктүгү боюнча маалыматтарды текшерүү, анын ичинде ММКга шайлоо боюнча жарыяланып жаткан маалыматтарга анализ жүргүзүү үчүн атайын штаб түзүлүп, иш алпарып жатат. Ошондой эле, ар эки саат сайын бул тууралуу чыгып маалымат берип турабыз», — деди Сыдыков.

Кыргызстанда 11-апрелде Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңешке шайлоо өтүп жатат. Баш мыйзамдын сунушталып жаткан долбоорун демилгелөө процесси көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолгон. Эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин аталган Конституциянын долбоорун кайрадан карап чыгууга жана референдумду кайра дайындоого чакырган.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 2020-жылы жазында өтүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясынан улам шайлоо бир жылдан кийин өтүп жатат. Көчмө добуш берүү 10-апрелде өткөн.

Кыргызстандыктар 28 шаарда 796 депутатты жана 420 айлдык кеңеште 7560 депутатты шайлашат. Добуш берүү жалпы 2 483 шайлоо участогунда өтөт. Анын ичинен 48и чет өлкөдө жайгашкан.

«Клооп» өлкө боюнча дээрлик ар бир шайлоо тилкесинде мыйзам бузууларды каттап турат. Ал үчүн 3000 байкоочу иштеп жатат. Мыйзам бузууларды билгиңиз келсе биздин сайтты жана социалдык тармактагы баракчаларыбызды акмалап туруңуз.